Якутск шаарында шайлоо жыйынтыкталды. «Ынтымак», «Ишеним», «Ыйман Нуру» алдыда

Орусиянын Якутск шаарындагы №9006 участкасында бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, «Ынтымак» партиясы алдыда.

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 257 адам катышкан. Анын ичинен 46 киши «Ынтымак» партиясын шайлаган. «Ишеним» — 41 жана «Ыйман Нуру» — 36 добуш менен алдыңкы үчтүккө кирди. Ал эми төрт адам «Баарына каршы» добуш берди.

Якутск шаарындагы №9006 участкасынын чеги.
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 35;
  • «Альянс» — 23;
  • «Эл үмүтү» — 18;
  • «Багыт» — 11;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 11;
  • «Ата Мекен» — 9;
  • «Мекенчил эл» — 6;
  • «Азаттык» — 3;
  • «Ынтымак» — 6;
  • «Күчтүү регион» — 2;
  • «Улуттар Биримдиги» — 2;
  • «Легалайз» — 1;
  • «Социал-Демократтар» — 1;
  • «Аруузат-Эл куту» — 1;
  • «Кыргызстанды Өнүктүрүүчү Патриоттук партиясы» — 1;
  • «Улуу Журт» — 1;
  • «Ордо» — 1.

Буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалин жана Владивосток шаарларында дагы шайлоо жыйынтыкталып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыга чыккан. Ал эми Хабаровск шаары боюнча «Ата Мекен», Иркутск шаары боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы алдыда.

Чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо участкасы ачылган. Өлкө сыртында шайлагандар бир мандаттуу округ боюнча добуш бере албайт.

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

Хабаровск шаарында шайлоо жыйынтыкталды. «Ата Мекен» алдыда

Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда