Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты

1-декабрда БШКнын алдына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиянын өкүлдөрү митингге чыгышты. Алар добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгына ишенбей турганын айтышууда.

Мунун себебин «Ата Мекен» партиясынан талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова БШК добуштарды кол менен эсептөөгө көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолук жаратып койгону менен түшүндүрдү.

«Өзүңөр деле байкадыңар болуш керек, байкоочулардын бардыгы “бизди кетирип жиберди. Эртең келгиле деп койду. Эртеси келсек деле протоколду алган жокпуз” деп жатышат. [Добуштарды кол менен эсептөө] үзгүлтүккө учурагандан кийин абдан чоң шек жаралып калды», — деп билдирди ал.

*Мыйзамга ылайык, шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөдөн кийин чыгат. Учурда БШКнын маалыматтык шайлоо тутумуна добуштарды кол менен эсептөөнүн 44,47%пайызы жарыяланды. Ал эми БШК 30-ноябрда кол менен эсептөөгө 2-3 күн кетерин айткан.

Соронкулова буга чейинки шайлоолор ушул эле система менен өтүп келгенин белгилеп, бул ирет маалыматтык системанын убактылуу иштебей калышы «шек жарататат» деп билдирди.

Ал эми «Жашасын Кыргызстан» партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева шайлоо бүткөндө алардын тизмесине 27-киши кошулуп калганын айтып, шайлоо мыйзамдарынын нормалары кайрадан бузулуп жатканын белгиледи.

«Кечээ бизде шайлоого катышпаган, мандатсыз бир адам кошулуп калыптыр. Шайлоо өттү, биздин тизмеде болсо 27-киши пайда болду. Дагы эмне дей алабыз? [...] Кечээ шайлоо мыйзамдарынын нормалары кайрадан бузулду», — деп белгиледи Үмөталиева.

Андан соң нааразы болгон тараптар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушуу үчүн ведомствонун имаратына кирип кетишти. Учурда Шайлдабекова партиялардын суроолоруна жооп берип жатат.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор шайлоо жыйынтыкталганда эле нааразычылык акциясына чыгышкан. Ал эми «Ата Мекен», «Социал-Демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынын өкүлдөрү чукул маалымат жыйын өткөрүшкөн.

Митинг эртеси күнү, 29-ноябрда дагы уланган. Ал жерде бийликке эки күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындап, БШКнын мүчөлөрү менен өкмөттү отставкага кетирүү талабы коюлган.

Ведомствонун төрайымы Нуржан Шайлдабекова митингге чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, БШКнын сайтында жыйынтыктарды көрсөткөн таблицадагы ката үчүн кечирим сураган.

«Клооп» бул шайлоого 1 400 байкоочу жөнөткөн. Алар эки күн — көчмө добуш берүүгө жана УШК менен ОШКнын имаратында байкоо жүргүзүшкөн. Бирок, шайлоо аяктаган соң айрым УШК мүчөлөрү «Клооптун» байкоочуларына добуш берүүнүн жыйынтыктоочу протоколдорунун көчүрмөсүн бербей коюшкан. Ал эми байкоочулар айрым ОШКларда протоколдордун оңдолуп, кайрадан жазылганына күбө болушкан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлоодо байкоочуларга кол санактын протоколдорунун көчүрмөсү берилген жок

БШКнын алдындагы митинг: Шайлдабекова сайттагы ката үчүн кечирим сурады