УКМК «саясий партиялар алган добуштардын саны эмнеге өзгөргөнүн» түшүндүрүп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1-декабрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санаткан БШКнын шайлоо системасында катталган туура эмес маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошондой эле УКМК newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунунун убактылуу иштебей калышына жана андан кийин саясий партиялардын алган добуштарынын санынын өзгөрүшүнө эмне себеп болгонун түшүндүрүп берди.

«Бул жагдай сайттын маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана АСУдан маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. Веб-ресурстун программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын жана талапкерлерге берилген жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн», — деп ишендирет атайын кызмат.

УКМКнын маалыматына ылайык, БШКнын техникалык адистери тарабынан веб-ресурстун көрсөтүү баракчасынын программалык кодун тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес.

Ошондой эле, УКМК маалыматтык шайлоо системасынын журналдык файлдарын талдоодо БШКнын маалымат тутумуна компьютердик чабуул болгону аныкталганын билдирди.

«Ушул сыяктуу чабуулдар ар дайым болуп келген, бирок, бул чабуулдар каттоого алынып, ийгиликтүү четке кагылып турат, бул БШКда маалыматты коргоо каражаттарынын натыйжалуулугун далилдейт», — деп жазылат билдирүүдө.

УКМК учурда Боршайкомдун сайтындагы программа туура иштеп, добуштардын саны боюнча туура маалыматтар көрсөтүүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин, 30-ноябрда БШК сайттагы үзгүлтүк тууралуу түшүндүрмө берип, мүчүлүштүк «кызматкердин катасынан улам болгон» деп билдирген. Маалыматка ылайык, Боршайкомдун адиси АСУдан алган маалыматтарды сайтка жарыялоодо санды «жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган».

Шайлоо комиссиясынан «АСУ менен серверге эч ким кире албай турганын жана ага адам фактору аралаша албасын» белгилешкен.

БШКнын сайтынын үзгүлтүккө учурашы

Боршайкомдун базасы убактылуу иштебей калганга чейинки жана кийин добуштардын саны

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктагандан кийин БШКнын сайтында АСУдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда үзгүлтүк орун алып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон.

Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан. БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыяланган, бирок ал да туура болбой жатат.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк бир нече партияны парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санатты. 29-ноябрга караган түнү алты партия АСУнун маалыматтарынын алдын ала жарыяланган жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышкан. Алар добуштары жоголуп кеткен деп эсептейт.

Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин кошумчалаган. Ал «таблицадагы кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган» деп белгилеген.

Ал эми Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын системасынын ишиндеги үзгүлтүк — «кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетиргиси келген күчтөрдүн саботажы болушу мүмкүн» деп белгилеген.

Ал арада коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Боршайкомдун сервери болжолдуу 20 өлкөнүн хакердик чабуулуна кабылганын билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

БШК сайттагы мүчүлүштүк «кызматкердин катасынан улам» болгонун билдирди

Хакердик чабуул, саботаж. Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрө албай убара