Парламентте Текебаевге кол салуу талкууланды, бирок УКМК жана Башкы прокуратура келген жок

Парламент депутаттары 2-декабрдагы жыйында саясатчы Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу тууралуу маселени көтөрүштү. «Ата Мекен» партиясынын лидерине 1-декабрь күнү Бишкекте Park Hotel’дин жанында кол салуу болгон.

Жыйындын бир катар депутат Текебаевге кол салуу боюнча УКМКнын жана ИИМдин жетекчилерин чакырууну демилгелешти. Негизинен эл өкүлдөрү күч түзүмдөрүн башкарган минкабдын төрага орун басары Камчыбек Ташиевди жообун алууну каалашты.

«Муну телефон уурдоо катары көрсөткөнгө аракет кылып жатышат, бирок бул катардагы окуя эмес […] Биз саясатчыга карата [кол салууну] саясий басым, репрессия катары карап жатабыз. Эгер бул абалды өзгөртө албасак, эртең эч кимибиз, урматтуу коллегалар, кайсы гана коомдук ишмер же жөнөкөй жаран болбосун коопсуздуктабыз деп айта албай калабыз. Башкача айтканда, сиздердин айтканыңыздардын баары кайсы бир саясий күчкө жакпай калышы мүмкүн, бул ар бирибизге же жарандарыбызга каршы бандиттик ыкма колдонулуп калышына алып келиши ыктымал», — деп айтты «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко.

Наталья Никитенко. Трансляциядан скриншот

Жыйынтыгында депутаттардын көбү күч орган кызматкерлерин парламентке чакырууга макулдук беришти. Бирок отурумга баары эле келген жок.

Төраганын м.а. Аида Касымалиеванын айтымында, УКМК ишке тиешебиз жок деп эсептегендиктен келген эмес.

«Жогорку Кеңешке мындай мамилеге кылууга жол берилбейт. Өкмөт үйүнөн Жогорку Кеңешке чейин 5 мүнөттүк жол. Же болбосо бул маалыматты ошол структура жаап жашырууга кызыктар деген ой калат. УКМК жана прокуратура келген эмес […] Ички иштер министринин орун басары келди, аны угууну сунуштайм», — деп белгиледи Никитенко.

Андан кийин депутат Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге бир канча суроо узатты. Атап айтканда, ал Park Hotel’дин айланасындагы камералардагы видеолордун өчүрлүшү боюнча ИИМдин маалыматы барбы-жокпу деген суроо узатты.

Аширходжаев азыркы тапта, видеокамералардагы маалыматтар алынып жатканын, эгер өчүрүлүп кетсе техникалык экспертиза дайындалат деп жооп берди. Ошондой эле, ал бул окуя боюнча бардык маалыматтар, анын ичинде кол салгандарды мейманканага алып баруу атайын пландалган деген версия дагы текшерилип жатканын айтты. Ал тергөөнүн жыйынтыгында ИИМ расмий маалымат берерин убада кылды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев. Трансляциядан скриншот.

«Кол салгандар тууралуу маалымат берген Чолпон Сыдыкова суракка чакыртылды», — деп кошумчалады Аширходжаев.

Буга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова кол салууга Токмоктун мэри Урмат Самаевдин катыштыгы бар деп билдирген.

Депутат Дастан Бекешев ИИМдин төрагасынын орун басарын милиция жай иштеп жатканын, шектүүлөрдү камералар аркылуу «бир күндө» эле таап коё алмактыгын билдирди. Аширходжаев иликтөөдөн кийин бардык маалыматты беребиз деп кайталады жообун.

Тем боюнча:

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды

Камчыбек Ташиев: Текебаевге кол салынган эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен

Өмүрбек Текебаевге кол салуу. «Тоноо» беренеси менен бир киши кармалды

«Саясий зомбулукка орун жок». Байсалов Текебаевге кол салуу боюнча пикирин билдирди

Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видео тарады

Бишкекте «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети болду