Роза Отунбаева Текебаевге кол салуу боюнча: Момундай кылуу пастык эмеспи

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева «Азаттык» үналгысына «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев чак түштө, саясий окуялар учурунда «таяк жеп жатканы кечиримсиз» деп билдирди. Анын айтымында, акыркы окуялар «президенттин кадыр-баркына дагы чоң доо кетирди».

«“Дүйнө таң кала турган шайлоо өткөрөбүз” деген сөз баарыбыздын кулагыбызда турат. Эми ушул шайлоого байланыштуу оппозициябы, башкасыбы, партиялар чыгып, өз дооматтарын айтып жатканда, Текебаевди атайын “Парк-Отелдин” ичинен сүйрөп чыгып урганы акылга сыйбай турган пастык», — деди ал.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева.

Экс-президент Текебаевге кол салуу үчүн чогулган 70ке чукул адамды «кимдир бирөө жөнөткөн» деп божомолдоду. Ошондой эле, ал кол салууну «башка күчтөр жасады» деген пикирге кошулбайт.

«Азыр Кыргызстанда бардыгыбыз чыңалган абалда турабыз. Саясий абал чыңалып турат. Шайлоо жыйынтыгы чыкпай турат. Медет Садыркуловдун* өлүмү боюнча жанагыдай жаңылыктар чыгып атат. Алдаяр Исманкулов** мага мунапыс бергиле деп кайрылып атат. Бул 2007-2010-жылдар менен байланыш болуп атканын жүрөгүбүз менен сезип жатабыз», — деди ал.

* Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрда Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү катары Санжар Сапарбеков кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Сапарбеков алгач Садыркуловду эсин оодара муштаган. Каршылык көрсөтө албас болгондо мойнуна жип салып муунтуп өлтүргөн. Санжар Сапарбеков — кикбоксинг боюнча чемпион жана экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин (өспүрүм кездеги досу) жакыны. Бул иште 2011-жылдан тартып айыпталуучу болуп өтүп жаткан. Анда ага кыргыз ИИМи эл аралык издөө жарыяланган.

**Алдаяр Исманкулов — журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча күнөөлү деп табылган. Жазаларды аткаруу кызматына ал ырайым сураганын билдирген. Учурда Исманкулов №27 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жатат.

Андан тышкары, Отунбаева Кыргызстанда «ушундай башкаруу менен кайда барабыз» деп суроо салды.

«Бизде оппозиция калыптанып калган. Түркиядабы, Орусиядабы айтор башка өлкөлөрдүн оппозициясы бөлөк жакта жүрөт. Биз башка саясий маданиятта, башка тепкичте жашап жатканбыз. Булар бизди кайсы жакка тартып атат? Ушундай президенттик башкаруу менен кайда барабыз?» — дейт экс-президент.

Отунбаеванын айтымында, шайлоодон кийинки талашып-тартышуу нормалдуу көрүнүш. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгына макул болбой жаткан партиянын ичиндеги саясатчылардын акыркы жыйынтыкты күтүүгө маданияты жетмек.

«Тилекке каршы, бизде аягын жакшы кылып чыгаралы деген бир жылдан кийинки аракеттер жыйынтыксыз болуп атат. Мына, бул шайлоо жыйынтыктарына макул болбой аткан төрт-беш партиянын ичиндегилер абдан "бышкан", көрүнүктүү саясатчылар […] Ошондой учурда момундай кылуу пастык эмеспи. Муну жапайы адамдар жасайт», — деп жыйынтыктады Отунбаева.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу жана Урмат Самаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Өмүрбек Текебаев кол салууга туш болгондон кийин. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

Ал эми соцтармактарда Текебаевге кол салуу учурунда тартылган тасма жарыяланган. Анда мейманкананын алдында ондогон беткапчан киши саясатчыны ортого алып, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары беткапчандарга кайрылып «тийбегиле, урбагыла» деп айтканы угулат.

Окуядан кийин Текебаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулушуп, «Ата Мекендин» лидерине кол салган кишилерди табууну талап кылышкан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Текебаевге кол салуу боюнча маалымат өлкө башчы Садыр Жапаровго жеткенин билдирген. Анын айтымында, Жапаров ИИМге бул окуяны «тыкыр иликтөөнү» тапшырган.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы комментарий берип, саясатчыга эч ким кол салбаганын, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май РИИБси «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүлөрдүн бирин кармаган. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү Текебаевге таандык телефонду өз ыктыяры менен кайтарып берген.

1-декабрда социалдык тармактарда Токмок шаарынын 100дөй тургунунун видео кайрылуусу тараган. Анда үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылган.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктады. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты чындыкка дал келбейт деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

Тема боюнча:

Камчыбек Ташиев: Текебаевге кол салынган эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен

Текебаевге кол салуу. Президент Жапаров ИИМге ишти тыкыр иликтөөнү тапшырды

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды