Байсалов элчилик кызматтагы эки жылда 3 млн сомдон ашык киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы 6-декабрда мамлекеттик кызматкерлердин жана саясатчылардын 2019-2020-жылдарга карата декларацияларын коомчулукка жарыялады.

Декларацияга ылайык, минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2019-жылы Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турганда 1 млн 297 миң сом киреше тапкан. Чиновниктин декларациясында кандай мүлкү бар экени көрсөтүлгөн эмес.

2020-жылы Байсалов дагы деле элчи болуп турган, декларацияга ылайык, бул убакта 2 млн 859 миң сом кирешеге ээ болгон.

Байсалов минкабга 2021-жылдын октябрында келген. Минкабдын төрагасынын орун басарлык кызматына дайындалганга чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде иштеп жүргөн, ал жакка Байсалов 2019-жылы дайындалган.

2012-жылы Байсалов Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.

Дагы окуңуз:

Садыр Жапаров 2020-жылы премьерлик кызматта дээрлик 250 миң сом киреше тапкан

Декларация 2019-2020. Башкы прокурор Зулушев эки жылда 4 млн сом киреше тапкан