Чек ара кызматы: Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалымат — «фейк»

УКМКнын чек ара кызматы «Клоопко» Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Чек ара кызматы билдирүүсүндө Кыргызстандын өкмөтү 2021-жылдын 1-мартында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары күйүүчү май, мунай заттарын алып чыгууга тыюу салганын эскертти.

Буга чейин, 2021-жылы 21-майда Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Анда ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган болчу.

Ооганстанга мунай экспорттоо

Ооганстандык Pajhwok Afghan News маалымат агенттиги 15-декбарда Кыргызстандан ооган өлкөсүнө күйүүчү май экспорттолуп жатканын жазып чыккан.

Ооган басылмасынын скриншоту. 

Маалыматта импорт өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын ооган-тажик чек арасына жакын жайгашкан Шерхан-Бандар айылы жана дарыя порту аркылуу келип жатканы айтылган.

Ал эми өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Кундуз Матин Юсафзай акыркы 10 жылда биринчи жолу күйүүчү май импорттолуп жатканын айтып, Шерхан Бандар аркылуу келген импорт күйүүчү майдын баасын гана төмөндөтпөстөн, порттун кирешесине да оң таасирин тийгизерин белгилеген.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канатбек Эшатов «Клоопко» азырынча маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатканын билдирген.

«Биздин ассоциацияга кирген компаниялардын баарынан сурап чыктык. Аларда да маалымат жок. Кайсы компания жөнөткөнүн тактап жатабыз», — деген Эшатов.

Мунай ташууга коюлган чектөө

2021-жылы 2-мартта мунайга жана мунай азыктарына болгон бааны турукташтыруу максатында кыргыз өкмөтү күйүүчү майды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташууга убактылуу тыюу салган. Тиешелүү чечимге ошол кездеги минкабдын төрагасы Улукбек Марипов кол койгон болчу.

Чектөө ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногу түзүлгөнгө чейин болору белгиленген.

Жарлыктын ишке ашуусун көзөмөлдөө бажы кызматына, финансы полициясына, УКМКнын чек ара кызматына жана транспорт министрлигине жүктөлгөн.

Күйүүчү майдын баасынын жогорулашы

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциация октябрь айында эмне себептен күйүүчү майдын баасы кескин түрдө өсүп кеткенин айтып беришкен.

Алардын маалыматы боюнча, бул Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды импорттоп алып келген Орусиянын заводдорунда сатуу баасы кымбаттаганына байланыштуу болууда.

Ал эми, өз кезегинде орусиялык заводдордогу баалардын өсүшүнө эки себеп негиз болгон:

  • Казакстан ички рыногундагы бензиндин дефицитин алдын алуу үчүн Орусиялык заводдордон 150 миң тонна мунай сатып алган;
  • Орусиянын эки ири заводу пландалган жылдык ремонтко жабылган.

Нефтетрейлерлер баанын өсүшүн биринчи жолу эле айтып жатышкан жок. Буга чейин айтылгандай, заводдордо баанын өскөнү жана жылдан-жылга өлкө керектеген мунайдын көлөмүнүн жогорулашы себеп болууда.

13-декабрда Баткен облусунун Самаркандек айыл аймагында оор жүк ташуучу унаалар тартылган видео тараган. Анда жергиликтүүлөр унаалар Тажикстандан контрабандалык күйүүчү май «ташып келе жатат» деп божомолдошкон.

Бирок УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу каражаттар «ташылып жатат» делген маалыматты четке каккан. Мекеме соцтармактарга тараган видеону фейк деп атаган.

Башкы беттеги сүрөт: Pajhwok Afghan News

Тема боюнча:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү май өтүп турган түтүк табылды

Лейлекте 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Чек ара кызматы Тажикстандан аткезчилик менен күйүүчү май ташылганын четке какты