Ибраев 6-чакырылыш Ак-үйгө «ээн-эркин» кирип чыксын деген сунушун айтты

Депутат Саматбек Ибраев парламенттин 22-декабрдагы жыйынында 6-чакырылыштын депутаттарына Жогорку Кеңешке тоскоолдуксуз кирип турууга уруксат берүүнү сунуштады.

Ал ыйгарым укуктары токтоп жаткан депутаттарга 7-чакырылышка жардам берүү максатында учурдагы күбөлүгү менен Ак үйгө кирүүнү токтомдун негизинде бекитип коюу керек деп эсептейт.

«Биздин депутаттар абдан көп эмгек кылды. Бул жерде өмүрүнүн бир бөлүгүн калтырып кетти деп айткым келет. Азыр токтом аркылуу Жогорку Кенештин [6-чакырылышынын] жыйынында кабыл алып койсок, биз жаңы келе жаткан депутаттарга маселелерди чечүүгө жардам беребиз. [Мурдагы депутаттарга] имаратка 6-чакырылыштагы күбөлүгү менен кирип чыкканга уруксат берген токтом кабыл алалы», — деп сунуштады Ибраев.

Саматбек Ибраев. Видеодон скриншот.

Ибраевдин сунушунан кийин залдагылардын күлкүсү угулуп, ал эми спикердин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева «андай ашыкча болуп каларын» айтты.

«Депутаттардын мөөнөтү бүткөндөн кийин, алар мыйзам, регламент боюнча өткөрүү кандай каралса, ошол жагдайлар менен кирет. Андай ашыкча деп ойлойм», — деп белгилеп, күн тартибинде башка маселелер көп экенин айтты.

Саматбек Ибраев

Саматбек Ибраев парламенттин 6-чакырылышынын депутаты болуп 2020-жылы келген. Бул убакытта ал парламентте да, Улуттук банкта да чийки делип сынга алынган чуулгандуу финтех тууралуу мыйзам долбоорунун автору болуп эсте калган.

Ибраев №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча бир мандаттуу талапкер катары да ат салышып, 7-чакырылышка депутат болуп келүүгө аракет кылган. Бирок округда Ибраев жеңилип, талапкер Арсланбек Малиев алдыга чыккан.

22-декабрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын акыркы жыйыны өтүп жатат, мында бул чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат. Эртеси күнү, 23-декабрда жаңы 7-чакырылыштын биринчи жыйыны өтөт.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары 2018-жылдын сентябрында кезектеги сессиянын ачылышында. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Колдонуудагы Конституцияга ылайык, Жогорку Кенештин жаңы 7 чакырылышы 90 депутаттан турат. 36 мандат бир мандаттуу округдардан ат салышкан депутаттарга, ал эми 54 мандат партиялардан катышкандарга тиет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Банк системасы кыйраса — Ибраевди күнөөлөгүлө». Финтех мыйзамы эмне үчүн кооптуу?

«Парламенттеги №1 ууру». Ак үйдүн алдында депутат Ибраевге каршы митинг өтүп жатат

Болгарияда кармалган депутаттын уулун экстрадициялоо процесси башталды