Дастан Бекешев: Парламенттин алтынчы чакырылышы дагы бир жума иштейт

Парламент депутаты Дастан Бекешев 22-декабрда Телеграм каналы аркылуу Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышынын алгачкы отуруму 23-декабрда болбой турганын маалымдады.

Бекешев бул сотто шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир нече иш каралып жатканы менен байланыштуу экенин айтты.

«Жетинчи чакырылыш кийинки жумада ант берип калышы мүмкүн, себеби БШК менен сот болуп жатат. Жаңы депутаттар бир жума күтүп турушат», — деди Бекешев.

БШК Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын каттоону убактылуу токтоткону тууралуу комиссиянын 22-декабрдагы жыйынында белгилүү болгон.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, сотто бир нече арыз каралып жаткандыгына байланыштуу каттоо убактылуу токтотулган — шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу үч арыз бирдиктүү шайлоо округу жана дагы бир арыз бир мандаттуу округ боюнча каралып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун партиялык тизмелер боюнча жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Коммисиянын чечими боюнча, Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына 5%дык босогодон өткөн алты партия кирип жатат:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 17,32%;
  • «Ишеним» — 13.61%;
  • «Ынтымак» — 11.00%;
  • «Альянс» — 8.35%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 7.04%;
  • «Ыйман Нуру» — 6.17%.

Тема боюнча: Шайлоонун протоколуна ишенүүгө болбойт: БШКнын маалыматтарынын анализи

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тезме менен 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган. Шайлоодо 21 партия жана бир мандаттуу округдан 300гө жакын талапкер ат салышкан.