Ош: Абактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары митингге чыгышты

Сүрөт: Тынчтык Калмаматов

Экс-депутат Бакытбек Калмаматовдун жакындары жана тарапташтары Ош шаарындагы борбордук аянтка нааразычылык акциясына чыгышты.

Митингчилер «Калмаматовго боштондук», «Калмаматовду колдойбуз, коргойбуз!», «Чындык жок жерде мыйзам иштебейт» жана «Сот адилеттүү чечим чыгарсын» деген транспаранттарды көтөрүп чыгышты.

Саясатчынын бир тууганы Тынчтык Калмаматовдун айтымында, акцияга 60ка чукул киши чогулган. Бирок аларга милиция кызматкерлери келип, «майрам күндөрү митинг уюштурууга тыюу салынганын» айтышкан. Мындан улам аянтта Калмаматовдун жакын туугандары гана калышкан.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» шектелип жатканын айтып, муну «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген ал.

24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Калмаматов оппозициячыл саясатчыларга каршы көрсөтмө бербегенин айтты