Акылбек Жапаров башаламандыкка айыпталган кыргыз жарандарына адилеттүү иликтөө жүргүзүүнү өтүндү

Акылбек Жапаров ЖККУнун онлайн-отурумунда.Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңешинин 10-январдагы кезексиз онлайн-отурумунда ЖМКларда жана соцтармактарда чет элдик жана кыргыз жарандарынын башаламандыкка катышканы тууралуу маалыматтар тарап жатканын билдирди.

Жапаров отурумда казак бийлиги «башаламандыкка байланыштуу далилденген ар бир учурга адилеттүү иликтөө жүргүзөт» деп үмүт артарын айтты.

«Ар бир далилденген учурга Казакстандын мыйзамдарына ылайык жана эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды так сактоо менен ачык-айкын, адилеттүү иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп, үмүт артабыз», — деди минкабдын башчысы.

Ошондой эле, Жапаров көптөгөн кыргызстандыктар башка өлкөлөрдөн «Манас» аэропортуна учуп келген казак жарандырана жардам берип жатканын белгиледи.

Аны менен катар, минкабдын төрагасы ар бир кыргыз жараны боордош казак элинин кайгысын тең бөлүшүп, кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышына тилектеш экенин белгиледи.

Бүгүн эртең менен президент Садыр Жапровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз онлайн-отурумуна катышты. Анда Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндө маселелер талкууланды.

Казакстандагы нааразылык

Казакстандагы массалык митингден соң.

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошулган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда ЖККУнун чечимин карап чыгып Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстандагы митинг учурунда күч органдарынын 18 кызматкери жана 26 «куралчан адам» каза болгон.

Ал эми расмий эмес маалыматтарда коңшу өлкөдөгү башаламандыктын кесепетинен 164 киши набыт болгону тууралуу кабарланган. Бирок бул маалыматты Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри Эрлан Тургумбаев коңшу өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө аракеттенген 300гө чукул куралчан киши кармалганын билдирген.

Тема боюнча:

Акылбек Жапаров президенттин ордуна ЖККУнун онлайн-отурумуна катышууда

Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты