«Бизде ушундай салт бар». Кара-Сууда 18 жаштагы кызды ала качкан үч киши кармалды

Шектүүлөр. Скрин «Турмуш» басылмасы жарыялаган видеодон алынды

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери «Шумкар» атайын багыттагы батальондун аскерлери менен бирге 18 жаштагы кызды ала качкан үч шектүүнү кармады. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүүлөр Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Турмуш айылында кармалды.

Маалыматка ылайык, 10-январда кечинде Бишкек — Ош унаа жолунун 642-чакырымында «кууп өтүү эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып кеткени» үчүн Daewoo Tosca унаасы токтотулган.

«Документерин текшерүү учурунда унаадан аял кишинин ызы-чуу салган үнү угулган. Жол кайгуул кызматкерлери автоунаанын ичин текшерүүгө алганда, үч киши А.К. аттуу кызды мажбурлап никеге туруу максатында [...] ала качып бара жатканын аныкташкан», — деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле, ЖКККБдан жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 18 жаштагы тургуну экенин кошумчалашты. Аны Оштун Ноокат районуна ала качып баратышкан.

Учурда Daewoo Tosca унаасынын айдоочусу, Ноокат районунун 40 жана 30 жаштагы тургундары Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди. Ал эми унаа айып короого киргизилди.

«Турмуш» басылмасы жарыялаган видеодо жабырлануучу кыз кармалган кишилер аны Сузактын Бек-Абад айылынан уурдап кеткенин айткан. Ал эми шектүүлөрдүн бири өз аракетин «бизде, түрктөрдө ушундай салт бар» деп түшүндүрүп, эки үй-бүлө тарабынан «сүйлөшүүлөр» болгонун айтып берген.

2021-жылдын декабрь айында Жалал-Абад шаарында белгисиз кишилер 17 жашар кызды ала качкан. Кылмыш тасмага түшүп калган, милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн бирин кармашкан. Анткен менен шаардык сот шектүүнү үй камагына чыгарган.

Сотко жетпеген ала качуу

Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.

Апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи