17-январда президент Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсү аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын президенттин басма сөз кызматы 10-январда билдирген. Анда президент өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турары белгиленген.
Ал эми ошол эле күнү Жамааттык коопсуздук кеңешинин 10-январдагы кезексиз онлайн-отурумуна президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен минкаб төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.
ЖККУнун сессиясында Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндө маселелер талкууланган болчу.
Буга чейин, 1-январда Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Караколдогу лыжа базасына лыжа тепкени барган. Ал базаны жарнамалап, туристтерди Кыргызстанга келип эс алууга жана лыжа тебүүгө чакырган.
Ал эми 6-январда президент Бишкектеги «Чынар» универмагына барган. Социалдык тармактын колдонуучулары президент соода борборуна үй-бүлө мүчөлөрү менен келгенин айтышкан. Алардын айтымында, ГУМду кыдырып, бир нече бутиктерге кирип, алардын биринен өзүнө күндөн сактоочу көз айнек сатып алган.
Ал эми 2021-жылдын 1-августунда Президент Садыр Жапаров жана үзөңгүлөшү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде эс алган болчу.
Президенттин басма сөз кызматы адаттагыдай эле өлкө башчысы эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган эмес. Ысык-Көлгө сапар алганы тууралуу маалымат дагы айтылган эмес. Жарандар өлкө башчысы көлдө жүргөнүн соцтармактардан билген.