Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

«10 медициналык тез жардам бригадасы нөөмөттө турат, кан жана компоненттер даярдалды. Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлердин практикалык борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жөнөтүлдү», — деп билдирди ал.

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы Баткен — Исфана авто жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилке саат 17:30дан 18:00ге чейин Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулганын маалымдады. Ага чейин жолго тажик жарандары таш төгүшкөнүн билдиришти.

Ал эми президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев жаңжалга чейин Тажикстан макулдашпай чек арага жакын аймакта курулуш иштерин баштаганын билдирди.

«Күч түзүмдөрү барып эскертүү берип, “тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салбай, чагымчылдыккка барбай токтотуп тургула” деген эскертүүсүнө баш ийбей уланта баштаган. Ошол жерде жашаган эл жолго чыгып жолду тосуп алган», — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Ошондон кийин

Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу башталган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын маалымдашты. Учурда абал чыңалуу бойдон калууда, чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ок атышуу башталгандан кийин Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетип башташкан.

Учурда жергиликтүү бийлик чек ара чектеш айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Кырдаалга байланыштуу облустук штаб да түзүлдү.

Ал эми «Азаттыктын» тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Тема боюнча:

ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанды чек арада ок атууну тез арада токтотууга чакырды

Чек арадагы ок атышуу. Тажикстандын тургундарынын версиясы