Бишкек ШИИББи Temirov live’дын кызматкерлеринин баарын суракка чакырды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Temirov live редакциясынын бардык кызматкерин 28-январда саат 18:00гө күбө катары суракка чакырышты.

Журналисттер суракка редакциянын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылганын белгилешти.

«Укук коргоо органдары бизди өздөрү уюштурган баңгизат шоусуна байланыштуу суракка чакырышып, бирок биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча маалымат алууга кызыктар болуп жатышат деген күмөн саноодобуз», — деп жазылат Temirov live тараткан билдирүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» Temirov live’дын бардык кызматкери суракка чакырылганын тастыктады.

Темиров менен Назаровдун кармалышы

Болот Темиров.

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бастырып келип, тинтүү жүргүзүшкөн.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан.

Аталган күнү милиционерлер Temirov Live’дин кеңесесиндеги техникалык жабдууларды, процессорлорду жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.

Кийин Темировдун колун кайрып, кишендеп наркология бөлүмүнө жеткиришкен. Анын организиминен баңгизат табылган эмес. Экспертиза бүткөндөн кийин иликтөөчү журналист милиционерлер анын чөнтөгүнө «полиэтилен баштыкчада жашыл зат салып коюшканын» билдирген.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Назаров менен Темиров кармалгандан кийин 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, активсттер менен журналисттер акын менен журналистти бошотууну талап кылышкан.

Ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси менен Шайырбек Ташиевдин байланышы бар экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы басма сөз жыйында куруп, Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, мазут экспорттолуп жатканына «кубанышыбыз керек» деп билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айткан. Ошондой эле Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирген.