«Ичибиз тарыбай, сүйүнүшүбүз керек!» Ташиев мазут экспорттогондорду коргоп чыкты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы басма сөз жыйында журналист Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, мазут экспорттолуп жатканына «кубанышыбыз керек» деп билдиди.

Ташиедин айтымында, өлкөдөгү нефтти «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы жана 20дан ашуун кытайлык компания өндүрөт.

Кытайлыктар өндүргөн продукция Токмок жана Кант шаарларындагы күйүүчү майды кайра иштетүүчү заводдорго сатылат. Ал эми «Кыргызнефтегаз» өндүргөн нефтин өзүнө туундуу «Кыргыз Петролеум Компаниге» жиберет — аталган ишкананы Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин жетектей баштаган.

УКМК башчысы заводдордо өндүрүлгөн мунай иштетилип, 15%ы бензин, 20-25%ы дизель, 1,5%-2%ы жоготуу жана калганы мазут болуп чыгарыларын билдирди. Ошондой эле Ташиев Кыргызстанда мазуттан сырткары башка продукцияны экспорттоого тыюу салынганын, мазут чет өлкөгө «кымбат баада» сатылып жатканын белгиледи.

«[Ишкерлер] сыртка мазут экспорт кылганда биз кайра кубанышыбыз керек, колдошубуз керек. Себеби сырттан валюта келет, сыртка кымбат сатылат. Ошондуктан бардыгы мазутту сыртка сатканга аракет кылышат. Сыртка мазутту канчалык кымбат сатса бизде салык ошончолук көп төлөнөт. Ишкерлердин мазутту кымбат сатканына биздин ичибиз тарыбашы керек, кайра сүйүнүшүбүз керек», — деп түшүндүрдү Ташиев.

Ташиевге байланыштуу иликтөө жана Темировдун кармалышы

20-январда Temirov Live’дын Youtube-каналында Ташиевдердин үй-бүлөсүнө тиешеси бар журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда Ташиевдин 31 жаштагы жээни Байгазы Матисаков жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани» заводу өндүргөн мазутту «Регион Ойл» жеке ишканасы Өзбекстанга экспорттогону баяндалган.

Журналисттер «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун, андан 37 млн сом киреше тапканын билдиришкен.

Кызыгы, «Регион Ойлдун» негиздөөчүсү 34 жаштагы Назгүл Айдарова Ташиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы бар болгону аныкталган. Айдарова 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого Камчыбек Ташиевге таандык делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган.

Ошондой эле, Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталган.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган Temirov Live’дын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк Айдарова «Регион Ойл» Ташиевдер жана «Кыргыз Петролеум Компани» менен байланышын четке каккан.

Иликтдн эки күн өткөндөн кийин, Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Кийинчерээк адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировун кайрылуусун жарыялады. Анда Темиров «эң негизгиси Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жарыяладык» деп, буга чейин журналисттер коркутууларга кабылганын белгилеген. Ошондой эле Темиров күч органдары алардын жабдыктарын да алып кетишкенин кошумчалады.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деди Темиров.

Temirov Live’тын кызматкерлери Ташиевдер тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыгаар алдында укук коргоо органдары Болот Темировду кармап кетишкенин билдириди.

Ал эми Ташиев Темировдун кармалышы журналисттик иликтөө менен «байланышы жок» болгонун айтты.

Атайын кызматтын башчысы экспертиза Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров баңгизат колдонгонун айтып, ошол эле учурда Болот Темировдун «каны таза чыкканын» билдирди. Ташиевдин айтымында, Назаров «Temirov Live’дын кеңсесинен баңгизат менен чыгып жүргөн». Бирок Ташиев буга Болот Темировдун эмне тиешеси бар болгонун жана анын статусу тууралуу маалыматты ачыктаган жок.

«Болот Темировду камабастан, кылмыш ишти улантууга болот деп эсептейм. Ушуну айтып, таасир эткени аракет кылам», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев акын Болот Назаров «баңгизат колдонуп, аны таратып да жүрсө керек» деп божомолдоду. Ошол эле учурда УКМК башчысы бул ишти ИИМ тергеп жатканын жана анын жүрүшү тууралуу «маалыматы жок болгонун» белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

«Баңгизат салып коюшту». Иликтөөчү Болот Темировду кеңсесинен кармап алып чыгып кетишти

Ташиев Temirov Live’дын иликтөөсүн «жалган жалаа» деп атап, Темировдун кармалышын «баңгизат» менен байланыштырды