«Студенттер үгүт ишине катышкан». Иштен алынган Ош МУнун деканы сотко кайрылды

Бакыт Муратбаев. Сүрөт ОшМУнун сайтынан алынды

Студенттердин үгүт иш-чарага катышканына байланыштуу иштен алынган ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаев кызматын калыбына келтирүү өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Муратбаев аны менен кошо кызматтан четтетилген ректор Кудайберди Кожобеков жана үч мугалим кызмат ордуларында кайтканын жүйөө кылып, өзүнүн ордуна кайтпаганына даттанган.

Буга чейин аталган факультеттин мугалимдери Муратбаев кызматына кайтууга аракет жасап жатканын айтышып, анын келишине каршы болушкан. Окутуучулар мурдагы деканды «коррупциялык иштерге айыптап, анын кайтып келүүгө моралдык укугу жок» дешкен.

«Муратбаев декандык кызматта иштеп турган мезгилде окуу жылы ичинде такыр сабакка келбеген, онлайн окутууга бир да жолу катышпаган студенттерди курстан-курска көчүрүп, лекция өткөн окутуучуларды басынтып, шылдыңдап, алардын сунушун укпай, башка окутуучулардын атына ведомость түзүп, келбеген студенттерге баа койдуруп, өз билгениндей иш-аракет жүргүзгөн», — деп кайрылуу жасашкан алар.

Ал эми Муратбаев айыптоолорду четке кагып, ага жалпы жамаат эмес «кээ бир мугалимдер гана каршы» деп эсептейт.

Аталган маселе боюнча ОшМУнун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок — басма сөз катчы суроолорго юрист жооп берерин айтса, юрист комментарий берүүдөн баш тартты.

2021-жылдын декабрында ОшМУнун иштен алынган ректору Кудайберди Кожобеков кызматына кайтарылган. Буга кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында студенттердин «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканына Кожобековдун тиешеси жок болуп чыкканы себеп болгон.

2021-жылдын 9-ноябрында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун окуу жайдын студенттери үгүт иштерине катышкандыгы үчүн кызматтан алганын билдирген. Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу иштен бошотулган.

Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Кожобековдун кызматтан алынышы университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин арасында нааразычылык жаратып, алар ректорду колдоо акцияларынын өткөрүшкөн.

Мындан улам 10-ноябрь күнү Кожобеков билим берүү министрлиги ишти иликтеп чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилгени айтылган.

Дагы окуңуз: «Ордунда калсын». ОшМУнун алдында Кудайберди Кожобековду колдоо акциясы өттү

«Азаттыктын» үгүт иш-чарасындагы студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган болчу.

Анда жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери экенин сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош ШИИБи тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

Ош ШИИБи факты боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 15 студентти жана сегиз мугалими суракка алган.

Анда «Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп айыптаган.

Анткен менен Оштун милициясы иш-чарага катышкан студенттер жашы жете элек болгонун аныктаган. Тергөо аяктап, сотко жиберилген болчу.

«Азаттык» партиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 5%дык босогодон өткөн жок.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Үгүт жана студенттер. ОшМУнун ректору иштен алынып, Оштун мэрине сөгүш жарыяланды

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» үгүт иш-чарасына жашы жете элек студенттер катышканы аныкталды

Видео: Ошто «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына студенттер катышты