Жалал-Абадда тургундан 100 миң сом опузалоого шектелген кримтөбөл кармалды

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак районунда кылмыш чөйрөсүндөгү «положенец» наамындагы «Пахир Калла» каймана аты менен таанымал кишини «бейбаштыкка» шектеп кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 7-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, «Баха» аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, шектүү 17-январь күнү саат 14:00 чамасында анын устаканасына келип, «колундагы бычагы менен мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп, 100 000 сом акчаны коюп кой» деп коркуткан.

Жалал-Абад ОИИБи «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 46 жаштагы «Б.Б.» кармалган. Тергөө маалында шектүү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон», — деп кошумчалашты милициядан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 7-февралда Жалал-Абад шаардык соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-январда Жалал-Абад шаарында Оштун эки тургунун барымтага алган кылмыштуу топтун төрт мүчөсүн кармаган. Шектүүлөр Оштун тургундарына «1 млн доллардык мүлк бересиң же 800 миң доллар акчаны өндүрөсүң» деп барымтага алышканы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Базар-Коргондо ишкерден акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад: «Баха» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды