Сот ОшМУнун мурунку деканынын жумушка кайтуу арызын канааттандырды

Шаардык сот ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаевдин кызмат ордуна калыбына келтирүү боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимди 11-февралда кабыл алган. Туратбек кызы кененирээк маалымат 15-февралда берилет деп убадалады.

Анткен менен ОшМУнун басма сөз катчысы Медербек Ниязалиев «Клоопко» Муратбаев кызматка кайтып келбегенин билдирди. Ал соттун чечими 30 күндө күчүнө кирерин белгилеп, ага чейин университетте түзүлгөн комиссия декандын кызматына кайтуу маселесин карап чыгарын айтты. Комиссиянын жыйынтыгына жараша университет облустук сотко даттанабы же жокпу белгилүү болот.

Ошондой эле ОшМУдан учурда Муратбаевдин ордунда декандын милдетин аткаруучу болуп буга чейин кафедра башчысынын орун басары болгон Чынаркан Гапарова иштеп жатканын кошумчалашты.

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаев бир апта мурда кызматын калыбына келтирүү өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган.

Ал студенттердин үгүт ишине катышканына байланыштуу өзү менен кошо кызматтан четтетилген ректор Кудайберди Кожобеков жана үч мугалим кызмат ордуларында кайтканын жүйөө кылып, өзү ордуна кайтпаганына даттанган.

Факультеттин мугалимдери болсо Муратбаевдин кайтып келишине каршы чыгышкан. Окутуучулар мурдагы деканды «коррупциялык иштерге айыптап, анын кайтып келүүгө моралдык укугу жок» деп билдиришкен.

«Муратбаев декандык кызматта иштеп турган мезгилде окуу жылы ичинде такыр сабакка келбеген, онлайн окутууга бир да жолу катышпаган студенттерди курстан-курска көчүрүп, лекция өткөн окутуучуларды басынтып, шылдыңдап, алардын сунушун укпай, башка окутуучулардын атына ведомость түзүп, келбеген студенттерге баа койдуруп, өз билгениндей иш-аракет жүргүзгөн», — деп кайрылуу жасашкан алар.

Ал эми Муратбаев айыптоолорду четке кагып, ага жалпы жамаат эмес «кээ бир мугалимдер гана каршы» деп билдирген.

2021-жылдын декабрында ОшМУнун иштен алынган ректору Кудайберди Кожобеков кызматына кайтарылган. Буга кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында студенттердин «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканына Кожобековдун тиешеси жок болуп чыкканы себеп болгон.

2021-жылдын 9-ноябрында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун окуу жайдын студенттери үгүт иштерине катышкандыгы үчүн кызматтан алганын билдирген. Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу иштен бошотулган.

Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Кожобековдун кызматтан алынышы университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин арасында нааразычылык жаратып, алар ректорду колдоо акцияларынын өткөрүшкөн.

Мындан улам 10-ноябрь күнү Кожобеков билим берүү министрлиги ишти иликтеп чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилгени айтылган.

Дагы окуңуз: «Ордунда калсын». ОшМУнун алдында Кудайберди Кожобековду колдоо акциясы өттү

«Азаттыктын» үгүт иш-чарасындагы студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында парламенттик шайлоого ат салышкан «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган болчу.

Анда жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери экенин сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келгенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош ШИИБи тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

Ош ШИИБи факты боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 15 студентти жана сегиз мугалими суракка алган.

Анда «Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп айыптаган.

Анткен менен Оштун милициясы иш-чарага катышкан студенттер жашы жете элек болгонун аныктаган. Тергөо аяктап, иштин материалдары сотко жиберилген болчу.

«Азаттык» партиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 5%дык босогодон өткөн эмес.

Редактору: Айбике Адилет кызы