«Бир жыл ичиндеги бешинчи дайындоо». Канболот Тутуев Нарынга мэр болду

Нарын шаарына кайрадан жаңы мэр шайланды. Канболот Тутуевди кызматка дайындоо тууралуу буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров 16-февралда кол койду. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

40 жаштагы Канболот Тутуев Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында туулган.

Эмгек жолун 2006-жылдан 2007-жылга чейин Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис катары иштеп баштаган. Кийин 2010- жылы Ош шаардык мэриясында иштеген.

2012-жылы президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы, ошол эле жылы Өкмөттүн Ош облустук ыйгарым өкүлчүлүгүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

Кийин 2012-жылдан 2017-жылдары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болгон. 2017-жылдын 19-июнунда ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акимдин орун басары болуп дайындалган.

Буга чейин калааны Жаныш Курбанов башкарган болчу. Ал Нарын шаарынын мэри болуп 2021-жылдын 29-ноябрында дайындалган.

Бирок 1-февралда президент Садыр Жапаровдун байругу менен Жаныш Курбанов ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Айтурган Абирова «Клоопко» Курбанов ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен казматтан кеткенин билдирген.

«Мэр болуп келгенден бери жергиликтүү климатка көнө албай кыйналды. Ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп түшпөй койду», — деген ал.

2021-жылдын 22-октябрында Нарынга мэр болуп 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу дайындалган. Бирок БШК ошол эле күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга 21-октябрда кабыл алынган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам себеп болгон. Ага ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент өзү дайындайт.

Ага чейин мэрлик кызматты ээлеген Самарбек Болотбеков болгону төрт ай иштеген. Ал 2021-жылдын июнь айында дайындалган, бирок сентябрда УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган соң отставкага кеткен.

Тергөөнүн версиясы боюнча Болотбеков парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековдун ишине катыштыгы бар. Чойбеков 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо алдоо жолу менен ири өлчөмдө акчаны ыйгарып алууга шектелип кармалган.

Болотбековго чейин Нарында Нурбек Молдокадыров мэр болгон. Мэриянын расмий сайтында дагы деле Молдокадыров мэр деп көрсөтүлүп турат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

УКМК: Нарын шаарынын мэри алдамчылыкка шектелип кармалды31 жаштагы

Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Президент дайындайт. Нарындын мэрин шайлоо жокко чыкты

УКМК: Нарын шаарынын мэри алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылыкка шектелген Нарындын мэри эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду