Шайлоо-2022: БШКга Алканова, Сурабалдиева жана Карамушкинанын үстүнөн арыз түштү

16-февралга карата №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча талапкерлердин үстүнөн жети арыз түштү. Маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануулар жана бузуулардын реестринде катталды.

Даттануулардын көпчүлүгү талапкерлердин үгүт эрежелерин бузганына байланыштуу түшкөн. Ал эми талапкер Шайлообек Атазов «Вечерний Бишкек» басылмасынын үстүнөн арыз жазган.

Элнура Алканованын «атынан» көмүр жана ун

Элнура Алканова

14-февралда «Жалпы иш» коомдук фондунан Свердлов районундагы «Жумадыл» аттуу кварталдык комитетин башчысы Бишкектеги Совет жана Памир көчөлөрүндө «акысыз ун жана көмүр таратып жатканы» тууралуу арыз түшкөн. Маалыматка ылайык, квартал башчысы №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Элнура Алканованы колдоого чакырган.

«Жалпы иштин» арызына «Коңшулардын ынтымагы» аттуу Whatsapp тайпадан скриншоттор тиркелген. Анда тургундар «Жумадыл» алардын паспорттук маалыматтарын чогултуп жүргөнүнө нааразы болушуп, ал мурдагы шайлоолордон «эч кандай жыйынтык чыгарбаганын» айтышкан. Ошондой эле тайпадагы кишилер квартал башчысы «Алкановага иштеп жатканын билишкенин» белгилешкен.

«Сиз үгүт жүргүзө албайсыз, бирок аялыңыздын укугу бар. Биздин паспорттук маалыматтарыбыз сизде гана бар [...] Баракелде Жумадыл байке, акчаны күрөк менен күрөп жатасыз, бирок ушунча жылдан бери аймак тууралуу ойлонуп да койгон жоксуз», — деп жазган Светлана аттуу тургун.

Ал эми «Жумадыл» болсо ал «эч кимге үгүттөбөгөнүн», ал эми көмүрдү «аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө алып берүү үчүн маалымкат гана жазып бергенин» айткан. Ошондой эле, «Жумадыл» унду алууга мүмкүнчүлүгү жок тургундарга алып келгенин билдирген.

Мындан сырткары, ал «шайлоочулар “баарына каршы” болсо да шайлоого шайлоочулардын катышуусун камсыз кылып берүүнү көздөп жатканын» кошумчалаган.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты каттап, териштирүүнү баштады.

Дагы окуңуз: Матраимовдун тарапташы Элнура Алканова Свердлов округунан талапкерлигин көрсөттү

Элвира Сурабалдиеванын «үгүтчүлөрү»

Элвира Сурабалдиева

14-февралда №27 Биринчи май шайлоо округунун талапкери Элвира Сурабалдиеванын үстүнөн эки арыз түшкөн.

Биринчи арызда райондогу квардалдык комитеттин төрайымы Н. Кокоева кызы Гүлзина менен Сурабалдиеванын атынан үгүт жүргүзүп жатканы айтылган. Ошондой эле арыз ээлери Кокоева алардан паспорттук маалыматтарды чогултуп жүргөнүнө даттанган.

Ушундай эле даттануу экинчи арызда да жазылган. Анда турак жайлардын ээлеринин шериктештигинин төрайымы Ж. Мукамбетова тургундар менен жолугушуу өткөрүп, Сурабалдиевага үгүттөгөнү маалымдалган.

Биринчи май РИИБси эки факты боюнча тең териштирүүнү баштады.

Дагы окуңуз: Элвира Сурабалдиева Биринчи май округунан кайра шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Шайлообек Атазов VS «Вечерний Бишкек»

Шайлообек Атазов

Ал эми №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов Боршайкомго «Вечерний Бишкек» басылмасынын үстүнөн даттанган. Атазов басылманын «Башкы маневрлар. Шайлообек Атазов Элнура Алканованын жолун тазалап жатат» («Главные маневры. Шайлообек Атазов расчищает дорогу Эльнуре Алкановой») аталыштагы макаласына нааразы болгон.

Талапкердин арызында «Вечерний Бишкектин» журналисти Бакыт Басарбек анын кадыр-баркына шек келтирген жалган маалымат таратканы жазылган. Атазов басылмадан макаладагы маалыматтарды төгүндөөнү же түшүндүрүүнү талап кылган.

Ошондой эле Атазов «Вечерний Бишкекке» Укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги «Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды жайылтуу» жана «Талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуусу» беренелери менен чара көрүүнү өтүнгөн.

Басылма аталган макаланы өчүрүп салган. Аталган арызды БШКнын жумушчу тобу карап жатат.

Дагы окуңуз: Матраимовдун тарапташы Шайлообек Атазов шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Ирина Карамушкина жана «Социал-демократтардын» баннери

31-январда Адилет Акматов аттуу Бишкектин тургуну калаадагы Салиева жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде 2021-жылы өткөн шайлоого карата «Социал-демократтар» партиясынын үгүт материалы илинип турганын кабарлаган. Беннерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Ирина Карамушкинаны көрүүгө болот.

Ал эми бул видеонун негизинде БШКга арыз жазган Кубанычбек Тажибаев Карамушкинага карата чара көрүүнүн өтүнгөн.

Боршайком арызды канааттандыруусуз калтырып, Бишкек мэриясына баннерди алып салууну тапшырды. Анткени шайлоо мыйзамынын 27-беренесинде шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү бийлик 10 күндүн ичинде үгүт материалдарын алууга милдеттүү.

Мындан сырткары БШКга №29 Свердлов округунан талапкерлер Абдурахманхаджи Муртазалиев, Бакыт Саадабаев, Бакыт Бакиров жана Нурланбек Маматкуловдун үстүнөн арыздар түшкөн. Арыз берүүчүлөр талапкерлер үгүт материалдарын мектеп жана шайлоо участкаларына жакын жайгаштырганын билдиришкен.

Бул фактылар учурда Боршайкомдун жумушчу тобунун кароосунда.

27-февралда аталган эки округда кайра шайлоо өтөт. №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу округдарынан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталган.