Матраимовдун тарапташы Шайлообек Атазов шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Шайлообек Атазов

Депутат Шайлообек Атазов парламенттик шайлоого катышуу үчүн 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Атазов талапкерлигин Кара-Суу районундагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунан көрсөттү.

Атазов 7-октябрда президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен үч мыйзам долбоорун колдоп, кесиптештерин ордуна да добуш берген. Соцтармактарда тараган видеодо ал үч партиялашынын атынан баскычты басууга үлгүргөн. Ал эми журналисттер ал эмне үчүн башкалардын атынан добуш берип жатканын суршканда Атазов «мыйзам өтүш керек да» деп жооп берген.

Шайлообек Атазов ким?

Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ошол эле учурда Атазов Ош шаарындагы «Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары» дирекциясын, «Ош-Тазалык» ишканасын жана «Жүргүнчү транспорту» агенттигин жетектеген.

Спортчу таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Атазов 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келет.

Ал эми жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Атазов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Атазов ошол кезде «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын талапкери, депутат Азамат Арапбаев «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултканын» айткан. Ошондой эле, ал бул иштеринен кайтпаса «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп эскерткен. Мындан улам Оштун милициясы «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» беренси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, Атазовду «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырган.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында УКМК бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовду «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектеп кармаган. Мындан улам Атазов алгач Бишкекте, кийинчерээк Ошто Матраимовду бошотуу талабы менен митинг уюштурган.

Матраимов буга чейин «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Ал эми 7-мартта Атазов «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлер 13-октябрга чейин БШКга арызын бериши керек. 11-октябрга карата шайлоого өз алдынча катышуу үчүн 194 киши арыз берди.