Акылбек Жапаров: Баткенге 5 млрд сомго чейин инвестиция жасоону пландап жатабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 1,5 млрд сом инвестиция жасаларын билдирди. Анын айтымында, бийлик бул сумманы 5 млрд сомго чейин жеткирүүнү көздөйт.

Жапаров аталган каражатка «каналдар курулуп, ичүүчү, сугат суу менен камсыздалып, социалдык маселелер чечилиши керек» деп эсептейт.

Жапаров «Өзбекстандан пахтадан жасалган кездемелерди алып, Баткендин тигүү бизнесин өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар» деп кошумчалады. Ал «аймактын тургундары өлкөдөн тышкары чыкпастан, региондо калып иштөөсү үчүн жергиликтүү ишканаларды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи».

Ошондой эле минкаб төрагасы Баткен облусунун экспорттук деңгээлин көтөрүү керек деп эсептейт.

Жакырчылык жана чек ара чырлары

«Клооп» 2018-жылы Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып, Баткен облусу өлкөдөгү эң жакыр аймак экенин аныктаган. Аймак калкынын 40% жакырчылыкта жашайт. Бул адамдардын ар биринде айына 2600 сомго жетпеген гана каражат бар. Мигранттар акча которбосо, мындай адамдардын пайызы облуста 60 пайызга жетиши мүмкүн.

Аймак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен кайталанып турган жаңжалдардан жабыркап келет.

2021-жылдын апрель айынын аягында Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында ири чек ара жаңжалы чыгып, анда 36 кыргызстандык каза тапкан.

Ошондон кийин бийлик Лейлек районундагы кыйраган айылдарды калыбына келтирүү ишин колго алган.

Бирок жергиликтүү тургундар чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн жаңы гана курулуп бүткөн «Мадина» шаарындагы канализациялык кудуктар жарактан чыга баштаганын айтышкан.

«“Мадина” шаарчасындагы канализациялык кудуктарды куруу үчүн 8 миллион 681 миң 188 сом жумшалган. Бирок кудуктардын сапаты талапка жооп бербейт. Кудук капкактары бат эле сына баштады», — деп айтышкан активисттер.

Тургундар кудуктарга балдар түшүп кетпеши үчүн короо тосмолорунун бөлүкчөлөрү менен жабууга аргасыз болушкан.

Активисттердин айтымында, андан тышкары тургундар ичүүчү таза суунун жетишсиздигине нааразы болушкан.

Октябрдын аягында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү талкаланган айылдарды калыбына келтирүү үчүн ачылган эсепке жарандардан 119 млн 659 миң сом келип түшкөнүн билдирген.

Тема боюнча: Баткенге өзгөчө макам берүү. Парламентке кезексиз тартипте каралуучу мыйзам долбоору киргизилди