Temirov Live: Иликтөөнүн каармандарынын көпчүлүгү жоопкерчиликтен кутулуп кетти

Ютубдагы Temirov Live каналы журналисттик иликтөөнүн каармандарынын көпчүлүгү жоопкерчиликтен кутулуп кеткенин айтып чыкты.

2021-жылдын октябрында журналисттер Жалал-Абадда УКМК төрагасы «Камчыбек Ташиевдин тууганы» экенин айтып, эсепти төлөөдөн баш тартып, официантты сабаган Нургазы Мамасадыковдун Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин аныкташкан. Мамасадыков кийин УКМКнын башчысы менен жакындыгын четке каккан.Дагы окуңуз: Жалал-Абадда официантты сабаган киши менен Ташиевди эмне байланыштырат?

Temirov Live’дын журналисти Тыныстан Асыпбековдун айтымында, жабырлануучу милицияга кайрылган, бирок көп өтпөй иш кыскартылган. Сотко чейинки текшерүү жоруктун курамын таппай койгон.

«Сотко чейинки териштирүүдө Нургазы Мамасадыковдун кылмыш иши жеңилдетилип, жоруктар категориясына өткөрүлгөн. Башкача айтканда, Жалал-Абаддын милициясы бул окуядан кылмыштын курамын таппай, Мамасадыковду жоопко тарта алган эмес», — деп белгиледи ал.

Асыпбеков УКМКнын башчысынын депутат иниси Шайырбек Ташиевдин мүлкү тууралуу иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу да айтып берди. Журналисттер Ташиев расмий түрдө айына 40 миң сом табарын, бирок ошол эле учурда Бишкекте пентхаус сатып алып, өзү жана балдары кымбат баадагы унааларды айдап, ири той-топурларды өткөрүшөрүн аныкташкан. Кирешеси чыгымдары менен дал келбейт. Бирок укук коргоо органдары бул иликтөөгө эч кандай реакция кылышкан эмес.

Президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев тууралуу иликтөө да эч кандай жыйынтык берген эмес.

Прокуратурадан Temirov Live’дын журналисттерине Түмөнбаевдин катышуусунда эч кандай мамлекеттик сатып алууларды текшерүү жүргөн эмес деп жооп беришкен.

Президенттин кудасы 2020-жылдын октябрынан тарта «Унаа» мамлекеттик мекемесин жетектеген. 11-сентябрда Temirov LIVE Түмөнбаев жарым миллион сомго жарыялаган тендерлерди өзү утуп алып турганы жөнүндөгү журналисттик иликтөөнү жарыялаган. Андан кийин президент кудасын кызматтан алган. Бирок кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө сөз да болгон эмес. Дагы окуңуз: Президенттин кудасы жетектеген «Унаа» ишканасынын 527 млн сомдук тендери текшерилип жатат

Ошондой эле Temirov Live’дын журналисти «Кыргыз Темир Жолу» боюнча иликтөөдө бардык далилдер көрсөтүлгөнү менен укук коргоо органдары бир да кылмыш ишин козгошпогонун, жок дегенде текшерүү да жүрбөгөнүн айтып берди.

Temirov Live каналы «Кыргыз Петролиум Компани» боюнча иликтөөнүн да жыйынтыгын чыгарды.

«Мамлекеттик ишкананы жана ортомчу фирмаларды текшерүүнүн ордуна УКМКнын башчысынын маалымат жыйын өткөрүп, президенттик аппарат өзү каржылап журналисттер үчүн заводко пресс-тур уюштурду. Ал тургай, бизге баңгизат салып коюшуп, фейк аккаунттар аркылуу бизди жана биздин команданы жаман аттуу кылды», — дейт алар. Дагы окуңуз: Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

Temirov Live каналынын журналисттери эч нерсеге карабастан журналисттик иликтөөлөр уланарын кошумчалашты.

«Биздин бул иликтөөлөр азыр болбосо да качандыр бир күнү кылмыш иштерине далил болуп берерине ишенебиз. Азыр болсо мыйзам жөнөкөй жарандарга агана иштеп жатканын көрүп турабыз», — деп жыйынтыктады Temirov Live.