Издөөдө жүргөн эки кыргыз жараны Украинадан Польшага өтүп жатканда кармалды

Иллюстративдик сүрөт

2017-жылдан бери Интерполдун издөөсүндө жүргөн эки кыргыз жараны Украинадан Польшага өтүп жатканда кармалды. Бул тууралуу 3-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири Сириядагы куралдуу кагылышууга катышкан, ал эми экинчиси Кыргызстанда жазасын өтүп жатып колониядан качып кеткен.

«[...] издөөдө жүргөн эки жаран Украинада жашынып жүрүшкөн жана Украинадагы окуялардан улам Польшанын аймагына киргенде кармалган», — деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле министрликтен Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун кызматкерлери 2021-жылы эл аралык издөөдө жүргөн 45 кишини кармаганын белгилешти. Анын 31и Кыргызстандын аймагында, дагы 14 киши чет өлкөлөрдө кармалган.

Мындан сырткары, күч органдары чет жакта уурдалган 10 унааны табышып, жараксыз алты айдоочу күбөлүк жана бир жасалма паспорт аныкташкан.

Орусиянын Украинага куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын элчилиги кыргыз жарандарын кооптуу аймактан эвакуациялоону баштаган. Польшага 90 кыргызстандык чыгарылган.

Ал эми 1-мартта Кыргызстандын 112 жараны Венгрияга жеткен. Дагы 30 кыргызстандык Украинадан өз алдынча чыгып кетишкен.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Украинада 1 357 кыргыз жараны расмий каттоодо турат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Швецияда уурдалган жол тандабас Ош шаарында табылды