«Эркиндик үчүн күрөшүш керек». Равшан Жээнбеков журналисттин кармалышы тууралуу

Саясатчы Равшан Жээнбеков Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин кармалганына байланыштуу комментарий берди. Равшан Жээнбеков аталган телеканалдын ээси.

«УКМК түрмөгө Таалайды эле эмес, Таалайдын мисалында бардык журналисттерди, сөз эркиндигин, макул эместерди камагысы келет», — дейт Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков Атамбаевдин да, Сооронбай Жээнбековдун да тушунда оппозицияда болгон. Учурда ал президент Садыр Жапаровдун башкаруусуна дагы оппозиция болууда. Соңку 10 жылдан ашык убактан бери бир нече ирет кармоо жана басымдарга кабылган.

«Бийлик журналистти, “Алиби” гезитинин редакторун камаган — менин атамды. Мени эки жолу камашты. Жакындарым менен туугандарыма карата тергөө жана сот болуп жатат. Эми булар Таалайга, Next’тин директоруна киришишти», — деди саясатчы.

Ал кармалган журналистке колдоо көрсөтүүнү жана эркиндик үчүн күрөшүүнү суранды.

«Мен тажрыйбалуу, эки жолу отуруп чыккан саясий туткун катары — КОРКПОГУЛА! — деп айтат элем. Эркиндик үчүн күрөшүш керек. Ал үчүн түрмөгө да отуруп көрүш керек. [Эркиндик үчүн] көп нерсени, ал түгүл эркиндигиңди жана өмүрүңдү курмандыкка чалуу керек. Дайыма ушундай болгон, боло да берет. Баарын камай алышпайт!!!» — деп кайрылды саясатчы.

Буга чейин Жээнбеков УКМК Next TV телеканалын жабуу үчүн ага бир нече ай бою басым кылганын айткан. Ал керек болсо, соцтүйүндөр аркылуу УКМКнын башчысына кайрылып, журналисттерди аңдыбай, өзүн камоосун сунуштаган.

Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-март күнү кечинде кармалганы белгилүү болгон. Бул тууралуу журналисттер билдирип, маалыматты УКМК тастыктаган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан». Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөп, ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Жактоочу Акмат Алагушев телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кармалганын маалымдаган.

«Эфирдин токтотулганын туура эмес деп эсептейм. Маалымат телеканалга таптакыр тиешеси жок башка булактан чыккан. [Офисти] мөөрлөп, эфирди токтотууга эч кандай зарылчылык жок эле», — деп эсептейт Алагушев.

Андан кийин эле УКМКда телеканалдын кызматкерлери Перизат Саитбуркан кызы менен Өмүрбек Сатаев сурак беришкен.

«Суракта менден Next TV’нын ишмердиги, каналдын каржы булагы жана Равшан Жээнбеков (телеканалдын ээси) тууралу сурашты. Ошол эле маалда кылмыш иш боюнча суроо беришкен жок», — деп айтып берген Перизат.

Медиакоомчулук теканалдын кармалган директору Дүйшөнбиевди колдоп, билдирүү жасады.

«Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз! Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты», — деп билдирди Медиакоомчулук.

Кыргызстандагы ЖМКга карата басым

Болот Темировдун кармалышы. Сүрөт: Азиза Раимбердиева

Өлкө бийлиги чет элдик агенттер жана жалган маалымат таратуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөө тууралуу эски демилгелерди көтөрүп жатат. Көз карандысыз басылмалардын кеңселеринин алдында митингдер өтүп, журналисттер кармалып, ошондой эле алардын аккаунттарын бузуп кирүү аракеттери болууда.

Мунун баары ЖМКга карата басым күчөп жатканын айгинелейт.

Дагы окуңуз: Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери куугунтук жана кысымга кабылган — алардын артынан аңдуу болуп, шантаж жасалып, коркутуп, кылмыш иши да козголгон.

«Кактустун» чек арадагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын версиясы келтирилген макаласы үчүн кылмыш иши козголгон.

«Кактус» менен «Клооптун» кеңсесинин алдында 15 киши катышкан митинг өткөн. Адахан Мадумаровдун тарапташы жана блогер Мирлан Ураимов комментарий үчүн кармалган — ал комментарий калтырбаганын, соцтүйүндөгү барагын белгисиздер бузуп киришкенин айткан.

«Клооп», «Кактус», «Апрель» жана Temirov Live’дын журналисттерин социалдык тармактардагы барактарын бузуп кирүү аракеттери болгон. «Т-медиа» басылмасына өрттөп кетүү коркутуусу айтылган. Мындан тышкары, «Клооп» акыркы беш жылдагы маалыматтарды талдап, Кыргызстанда журналисттерге кол салуу жана кысым үчүн дээрлик эч ким жазага тартылбасын аныктаган.

Журналисттерди кемсинтип, коркутуп, аппараттарын талкалап, унааларын өрттөп, кеңселерин тоноп кетишет. Аларды арматура менен башка чаап, муунтуп, жерге жыгып сүйрөшөт. Кол салуудардын дээрлик бардыгы жумуш учурунда же алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу болот.