Идрис Кадыркулов Украинада акча чогулткан шылуундар тууралуу эскертти

Украинадан чыгарылып жаткан кыргызстандыктар. Сүрөт: Идрис Кадыркулов 

Украинада согуштук кырдаалдан пайдаланып, кыргызстандыктарга «жардам беребиз» деген шылтоо менен акча чогулткан, алдамчылык менен алектенген «шылуундар» пайда болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук барагы аркылуу билдирди.

Кадыркуловдун айтымында, «айрымдар жеңил акча табуу максатында» акча чогултууга аракет кылса, кээ бир мекендештер «жок акциялар тууралуу фейк маалымат таратып», элчиликтин ишин татаалдаштырууда.

«Ушундай “ою жаман” топ чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан акча чогултуп, аны ыйгарып алууга аракеттенген», — деп билдирди Кадыркулов.

Элчи Украинадагы кыргызстандыктарга жардам берүүнү каалаган жарандарды Тышкы иштер министрлиги же элчилик менен иштешүүгө чакырды.

Мындан сырткары, Кадыркулов элчиликтин ишмердүүлүгү кыргызстандыктарды эвакуациялоого багытталганын, кызматкерлер күнү-түнү оор шарттарда иштеп жатканын белгиледи.

«Өлкөдөгү согуштук абалдан улам коомдук транспорт жана күйүүчү майдын жетишсиздиги байкалууда, айрым региондордо кредиттик-финансылык мекемелер иштебей жатат. Мында кырдаалда маселени ыкчам чечүү үчүн элчиликтин кызматкерлери адаттан тыш ыкмаларды колдонуп, айрым учурда өмүрүн тобокелге салып, ал тургай каржы маселелерин өз чөнтөгүнөне алып чечүүгө туура келип жатат», — деди Кадыркулов.

Орусиянын Украинаны бастырып кирүүсүнөн улам Кыргызстандын элчилиги 26-февралдан тарта кыргыз жарандарын кооптуу аймактан эвакуациялай баштаган. Элчиликтин маалыматына ылайык, Украинада 1 357 кыргыз жараны расмий каттоодо турат.

Бүгүнкү күндө Украинадан Венгрияга 112, Польшага 90, Молдовага 45 жана Румынияга сегиз кыргызстандык чыгарылган. Дагы 30 кыргызстандык Украинадан өз алдынча чыгып кетишкен.

Ошондой эле Кыргызстандын өтүнүчү менен Болгария Украинадан качкан кыргызстандыктарга «жашыл коридор» ачып берген.