УКМК Кыргызстан аркылуу Сирияга кетүүнү максат кылган чет элдик эки кишини кармады

Жалал-Абад шаарында Сириядагы согуштук аймакка баруу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-мартта кармалган эки шектүү мурда «терроризм» боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен бирге жашырынып жүргөн.

«Кармалгандар Сириядагы согуштук аймактагы эл аралык террордук уюмдун катарына кошулуу максатында, Кыргызстандын паспортун жасатууга аракет кылышкан», — деп жазылат билдирүүдө.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызмат факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгиледи. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп саналат, анткен менен аялдар жана балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Кыргызстандыктарды азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында өз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуациялоону убадалаган. Аларды Кыргызстанга алып келүү тууралуу дагы сөз болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам иш токтоп калган.

Тема боюнча:

ТИМ: Кызыл крест кыргызстандык балдарды Сириядан кайтарууга көмөктөшөт

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне