Диплому жасалма деп шектелген мугалимдин жолдошу: Директор чалгандан кийин асынып алды

Каза болгон мугалим Гүлзадат Чодонова. Сүрөт: Turmush

9-мартта Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ак-Чий айылында башталгыч класстын мугалими Гүлзадат Чодонова өз үйүндө муунуп каза болгон. Ал асынып алганга чейин «диплому жасалма» деп шектелип, прокуратурага сурак берип чыккан.

Маркумдун жолдошу Калмурат Кашкелемов аялын өлүмүнө «мектеп директору жана райондук билим берүү бөлүмү күнөөлүү» деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Кактус Медиа» басылмасына курган маегинде айтып берди.

Маркумдун жолдошу Калмурат Кашкелемов. Сүрөт: Turmush

Кашкелемовдун айтымында, окуя болгонго чейин, 4-мартта, ал жубайы экөө автоунаага тетик алыш үчүн Кочкор районуна барууга даярдагып жатышкан. Бирок Гүлзадат Чодоновага күтүүсүз жерден райондук прокуратурадан телефон чалып, суракка чакырышкан.

«Мен прокуратурага аны менен чогуу барып, бирок сыртта күтүп калгам. Жубайым чыгып эле, диплому жасалма деп шектелип жатканын айтты. Текшерүү жүрүп жатыптыр деди [...]. Эртеси күнү Гүлзадат жумушуна барган. Бардыгы жакшы эле болчу. Андан кийин улуу кызыбызга барып жолугуп келген. Себеби ал Түркияга кетип жаткан. Бир аз кызыбыздын жанында болуп, неберебизди алып калуу үчүн ишеним кат да жасатмак. 8-мартта туугандарыбыз үйгө жеткирип коюшкан, а мен малды жайытка чыгарып кеткен элем [...]», — деди ал.

Чодонова мектепте түштөн кийин сабак берчү. Окуя болгон күнү маркумдун окуучулары түшкө чейин үйүнө куттуктап келишкен. Аларга чай берип, мектепке узаткан соң анын кесиптештери келген.

«Болжол менен саат 11:30дар чамасында окуучулары келип куттуктап, торт алып келишиптир. Андан кийин кесиптештери да келди. Мен алар да куттуктап келген экен деп ойлогом, короодогу жумуштарды жасап жүргөм. Баары сыртка чыкканда, жубайымдын: "Бул адилетсиздик!" деп айткан сөзүн кулагым чалып калды. Эмне болду деп сурасам, аны жумуштан кетирип салганын айтты», — деди ал.

Кашкелемов 9-мартта жубайына мектептин директору Зыйна Абдраева телефон чалгандан кийин асынып алганын айтат.

«Гүлзадат идиш жууп жаткан маалда бирөө телефон чалып калды. Ал бул мектептин директору экенин айтып, телефонду коюп короого чыгып кеткен. Ал арада жубайымдын кесиптештери конокко келип калышты. Мен аны чакырсам, жооп берген жок. Кампанын эшиги ачык калганын байкадым. Телефондон сүйлөшүп баратып, ошол жакка басып баргам. Ичине кирип Гүлзадатттын асынып алганын көрдүм. Ал жерге тизелеп кулап түшүп, тумчугуп калыптыр», — деп эскерген ал.

Ал жубайын асылып алганын көрүп кыйкырып жиберген. Анын мойнундагы жипти чечип, жасалма дем алдырууга аракет кылган, бирок эч жыйынтык берген эмес.

Маркумдун жолдошу аялынын бул кадамга барышына директор күнөөлүү деп эсептейт. Анын айтымында, жубайын жумуштан кетирип, ордуна башка мугалимди жумушка алууга аракет кылган.

«Көрсө жубайымдын орду үчүн жумушунда жаңжал болгон экен. Анын ордуна башка мугалимди алып келип, мектептин директору аны жамаатка тааныштырыптыр. Каза болгон күнү эртең менен директор аялыма “дипломуң жасалма” деп айтыптыр. Андан тышкары 10 миллион сом өлчөмүндө штраф төлөйсүң деген экен. Коллектив биздикине жумуштан эмнеге кетирди деп сураганы келиптир. Белгилей кетсем, анын диплому жасалма экени далилдене элек болчу. Эмнеге аялымды жумуштан кетирип, башканы анын ордуна алышат [...]. Ал мугалим бул жактык эмес. Жумушка келгенге 25 км жол жүрүш керек», — деди ал.

Кашкелемов менен маркум жубайы төрт балалуу болушкан. Бир баласы рак оорусунан, бир баласы жол кырсыктан каза болгон. Ал мындай трагедияны башынан өткөргөн аялы, өз өмүрүнө оңой эле кол салбастыгын, аны ошого жеткиришкенин айтат.

Ал жубайынын өлүмүн териштирүү үчүн укук коргоо органдарына арыз жазган.

Мектеп директору эмне дейт?

Ал эми Ак-Чий орто мектебинин директору Зыйна Абдраева окуя болгон күнү маркум менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн тастыктап, бирок Кашкелемовдун «10 миллион сом өлчөмүндө штраф төлөйсүн» деп айтканын четке кагууда.

«Прокурор текшерүү дагы эле бүтө элек экенин айтып, [мугалимди] дагы бир жолу чакырыңыз деди. Мен ага чалып, прокурордун суранычын жеткирдим. Ал болсо жолдошу менен келерин айтып, телефонду коюп салды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле каза болуп калыптыр деген кабар уктум», — деди ал.

Абдраеванын айтымында, сурак башталгандан кийин мугалим «ишти жабуу үчүн» андан жана кесиптештеринен жардам сурай баштаган.

«Мен анын жасалма диплому бар экенин билген эмесмин. Ал менден “бул ишти жабуу үчүн мугалимдер акча чогултуп бере алат бекен” деп суранды. Өзү болсо көп акча бере албастыгын, “күйөөсү укса өлтүрүп саларын” айткан. Балдарды окутуу методикасын билчү эмес, мен жардам берчүмүн. Ата-энелер арызданган эмес. Жакшы адам болчу», — деди мектеп директору.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Көп өтпөй Башкы прокуратура бул окуя боюнча билдирүү жасап, Кочкор районунда жанын кыйган мугалим суракта басымга кабылган деген маалыматты четке каккан.

Маалыматка ылайык, көзөмөл орган Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө пландуу текшерүүнү баштап, мугалимдердин жогорку билими тууралуу дипломдору да кошо каралган. Анда Ак-Чий орто мектебиндеги эки мугалимдин диплому шек жаратып, аныктоо үчүн жогорку окуу жайларга кат жиберилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен маркум Гүлзадат Чодоновага окуу жайдан «окутуучу» квалификация ыйгарылбаганы кабарланган.

4-мартта мугалим райондук прокуратурага чакыртылган. Тергөөчү диплому тууралуу түшүндүрмө берүүнү сураганда, мугалим университетке өзү барып тактап, 9-мартта келем деп суранып кеткен. Бирок мугалим ошол бойдон кайра келген эмес.

Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүү

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал 3 айга созулат.

Атайын кызмат, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана депутаттардын жасалма диплом алганы аныкталса, ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотуп берүү маселеси караларын эскерткен.

Ошондой эле, ведомство жасалма диплом менен кызматка келгендер тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну убадалаган.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын полковниги жана Эсеп палатасынын аудиторунун дипломдорун иликтей баштаган. УКМК алар «жасалма диплом менен иштеп келген» деп шектеген.

Ага чейин, бир нече саясатчы «мыйзамсыз диплом алууга» айыпталып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алардын арасында депутаттык мандатынан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Орозайым Нарматова, мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Кыянбек Сатыбалдиев дагы бар.