Жапаров Министрлер кабинети айыл чарбаны өнүктүрүүгө басым жасап жатканын билдирди

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баалары өсүп жатканына байланыштуу Министрлер кабинети айыл чарба багытын өнүктүрүүгө басым жасап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда элге кайрылып жатып билдирди.

Жапаров эл аралык жагдай менен дүйнөлүк рыноктогу кырдаалдан улам өлкөдө баалар өсүп жатканына жарандар кабатыр болуп жатканын айтып, кризиске каршы иш-чаралар планында «экономикалык потенциалды сактап калууга аракет көрүлүп атканын» билдирди.

«Ошону менен бирге негизги басымды айыл чарбасына жасап, эгин эгип, жалпы эле айыл-чарба өнүмдөрүн өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айта кетейин. Эл ичинде бекем ынтымак болуп, бир муштумдай түйүлүп, бир максатты көздөгөн болсок, дүйнө эли менен кошо бул каатчылыкты дагы артта калтырабыз», — деди Жапаров.

Кыргызстандагы Антикризистик комитет

Орусиянын аскерлери Украинага бастырып киргенден тарта Орусия көптөгөн санкцияларга кабылган. Мындан улам орус бийлиги 10-мартта ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салган.

Ал эми 12-мартта Министрлер кабинетинини алдында Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлгөн — аны Акылбек Жапаров жетектейт.

Антикризистик комитеттин негизги милдети — дүйнөдө болуп жаткан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Ошол эле күнү айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын чектөөлөрү Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын билдирген.

«Кыргызстанда тамак-аштын физикалык жеткиликтүүлүгү тууралуу тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Биз өзүбүздү кумшекер менен камсыздай алабыз, “Кайыңды-Кант” кампасында 11,5 тонна бар. Ошондой эле материалдык резервдер кампаларында дагы жетиштүү көлөмдө сакталуу», — деген Жаныбеков.

Ошондой эле ал Кыргызстан Орусиядан буудай импорттоону улантаарын кошумчалаган. Ал эми экономика министри Данияр Амангелдиев өлкөдөгү бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда бийлик Украинадагы согуштун кыргыз экономикасына тийгизген кесепеттерин алдын алуу үчүн антикризистик план иштеп жатканын айткан.

Анткен менен Кыргызстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майдын баасы өсүп жатканы байкалууда. Соодагерлер муну доллардын кунун өсүшү менен байланыштырышат.

15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөдөгү соода түйүндөрүнө 1000 тонна кумшекер таратылып, килограммы 70 сомдон сатылып жатканын билдирген. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып, бир литри 130 сомдон сатылаарын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Рублга «байланган» сом. Орусиянын Украинага кол салышы кыргыз экономикасын канчалык алсыратат?