Атамбаевдин тарапташтары №47 колониянын алдына аны колдоо акциясына чыгышты

Бишкек шаарындагы №47 колониянын имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 30га чукул тарапташы чогулду. Акциянын катышуучулары мурдагы президентке «мыйзамсыз мамиле жасалып жатканын» белгилеп, аны бошотууну талап кылышты.

Атамбаевди колдогону келгендер «Биз мыйзамсыздыкка каршыбыз», «Атамбаевге боштондук», «Атамбаев мыкты президент» деген жазуусу бар транспаранттарды көтөрүп чыгышты.

Акцияга чыккан Атамбаевдин тарапташтары. Сүрөт: «Кактус Медиа»

Акцияга мурдагы президенттин жакындары, баласы Кадыр Атамбаев жана аялы Раиса Атамбаева катышты.

Кадыр Атамбаев «Кактус Медиа» басылмасына курган маегинде, Жаза аткаруу кызматынын «аракети жана шылтоолору күлкүлүү» деп белгиледи. Ал мекеменин жетекчилиги Атамбаевдин соттук отрумдарга катыша албай турганын «жакшы билген» деп эсептейт.

«Кечээ болгон окуя — адамды инфарктка жеткирүү, саясий оппонентти жок кылуу аракети», — деп билдирди ал.

23-мартта жактоочу Замир Жоошев Атамбаев «Кой-Таш окуясы» боюнча сот отурумуна «ооруп жатканына карабай, күч менен жеткирилгенин» билдирген.

«Колониянын кызматкерлери Атамбаевди ич кийимчен, үстүндө футболкачан күч колдонуу жолу менен, карда сүйрөлтүп алып чыгышып, конвой кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп белгилеген ал.

Атамбаев райондук соттун имаратына жеткирилген соң унаадан түшүүдөн баш тарткан. Андан соң соттун имаратына тез жардам чакырылып, унаада дары-дармек жок болгондуктан Атамбаев кайрадан колонияга жеткирилген.

Ал эми Атамбаевдин адвокаттары Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрыла турганын белгилешкен.

Атамбаевдин камакка алынышы

Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон.

Ал Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча ошондой эле Кой-Таштан мыйзамсыз жер алууга байланыштуу иштердин фигуранты.

2020-жылдын июнь айында Атамбаев Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга соттолгон. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган, кийинчерек чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Кийинчерээк мурдагы президентке жаңы кылмыш иштери козголгон. Ага 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык баш аламандык уюштурууга шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган. Ошондой эле ал 2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп айыпталууда.

Тема боюнча:

Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна катышкан жок