Молдовановкадагы колонияга 2 килограммдан ашык баңгизат таштоого аракет кылгандар кармалды

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтү мекемесинин кызматкерлери колониянын аймагына баңгизат таштоого аракет кылган эки кишини кармады. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 31-март күнү саат 23:45 чамасында болгон. Шектүү катары 23 жана 27 жаштагы эки киши кармалды. Алардын жанынан скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат алынды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө кармалгандардын бири Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын, экинчиси Сокулук районунун Камышановка айылынын тургундары экени аныкталды. Факты боюнча Аламүдүн РИИБи тергөө иштерин баштады.

Буга чейин, 18-мартта ИИМ интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапканын билдирген. Министрлик Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүлүп турарын эскерткен.

Тема боюнча:

«Баңгизат саткандарды коргоп жүргөн». Милициянын отставкадагы полковниги кармалды

Ысык-Көлдө баңгизат ташып бараткан жаран кармалып, эки айга камакка алынды