Алмазбек Атамбаев өзүнө жасалган мамилени «майдачылдык» деп атады

4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөөдөн баш тартып, бирок журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Атамбаев 23-марттан тартып ден соолугу начарлап кеткенин билдирди. Буга чейин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президент «ооруп жатканына карабай, күч менен ич кийимчен, футболкачан» 23-марттагы соттук отурумга жеткирилгенин айткан.

«23-марттан кийин абалым анча эмес. Тиземди көрсөтөт элем, бирок ыңгайсызданып турам. Түрмөдөн ден соолугумду текшеребиз дейт, бирок ал олуттуу деле болбой да. Убакытты созуп, менин өлүшүм үчүн кылып жатышат окшойт. Сыягы, мен жооп бергенден кийин Садыр Жапаров мага аябай таарынып калса керек. Майдачылык. Бул күндөр да өтөт. Жашагым келет, бирок тизе бүгүп эмес, адам катары», — деди мурдагы президети.

Атамбаев сот отурумуна күч менен алып келүүнү «атайылап жасап жаткандай» деп болжолдоду.

«Коронавирустан кийин жүрөгүм ооруганын билип туруп, балким ушунун баарын атайылап эле инфаркт же инсульт алышым үчүн жасап жатышат окшойт. Бирок менин максатым тескерисинче — душмандардын алдында өлбөшүм керек», — деди мурдагы президент.

«Сот отурумдары — цирк»

Алмазбек Атамбаев сот отурумдарын «жөн эле цирк» деп эсептейт. Ал буга чейинки Батукаевдин иши боюнча сот анын катышуусу жок эле өткөнүн белгиледи.

«Менин мүнөзүмдү билесиңер. Чынчыл болушу керек. Ушундай сот отурумдары, чынында жөн эле цирк. Ар жолкусунда сот отурумун менсиз өткөрүүнү талап кылып, кат жүзүндө кайрылам. Батукаевдин иши боюнча мен сотко катышкан эмесмин — райондук дагы, шаардык дагы, Жогорку сотко дагы. Ошондой эле кылып коюшса болмок, мен каршы болгон жокмун да. Мага демектен, өмүр бою эркимен ажыратып салышсын, кыйнагандын ордуна. Кандай болбосун, мен бир күнү чыгам», — деди ал.

Мурдагы президент №47 түзөтүү колониясындагы шарттар Сооронбай Жээнбековдун мезгилиндегиге караганда, Жапаровдун тушунда жакшы экенин кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган.

Садыр Жапаров эмне деген?

Жапаров 25-мартта Фейсбукка Атамбаевдин Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумуна катышуудан баш тартканын сындап пост жазган.

Анда өлкө башчысы Атамбаевди сотко катышып «ак экенин далилдөөгө» үндөп, убагында «мен да соттон качкан эмесмин» деп билдирген.

«“Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат” деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт», — деген ал.

Көп өтпөй Атамбаев ага жооп кайтарып, жоопкерчиликтен качып кетүүгө мурда мүмкүнчүлүгү болгону менен Кыргызстанда калганын белгилеген. Ошондой эле Атамбаев Жапаровго «күчүн ага эмес, мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумшоого» чакырган.

«Чек ара, жакырчылык жана башка көйгөйлөр толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!!!» — деп жазган Атамбаев.

Тема боюнча:

Сот отурумуна келген Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, тез жардам алып кетти

«Майдаланба, президент айкөл болушу керек». Алмазбек Атамбаев Жапаровго жооп берди