БШК: Кайра шайлоодо күрөө катары түшкөн каражаттын 4,2 миллион сому мамлекетке которулат

Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май жана Свердлов бар мандаттуу округунда 27-мартта болгон кайра шайлоодо талапкерлер күрөөгө койгон каражаттын 4,2 миллион сому мамлекеттик бюджетке которуларын билдирди.

Калган 1 миллион 500 миң сом талапкерлерге кайтарылып берилет.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, талапкерден БШКнын депозит эсебине жалпы 5 миллион 600 миң сом түшкөн — 56 талапкер ар бири 100 000 сомдон төккөн болчу.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн. 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган. Бирок Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округунда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Ал эми 27-февралда кайрадан парламенттик шайлоо өтүп, ага №27 Биринчи май округунан 25, №29 Свердлов округунан 25 талапкер депутаттыкка ат салышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Биринчи май шайлоо округунан Элвира Сурабалдиева ал эми Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган.

Бирок кийинчерээк БШК Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын добуштарын жараксыз деп тапкан. 6-апрелде Свердлов округу боюнча Муртазалиевден кийинки орун алган Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырылды.

Тема боюнча:

Кайра шайлоо. «Клооп» кандай бузууларды каттады?

Шайлоо 2022: БШК кайра шайлоодо келип түшкөн арыздар боюнча маалымат берди