Депутат Боронбаев ант берди. Ал Матраимовдун коррупция боюнча ишинин фигуранты

Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында жаңы келген депутат Абдыбахаб Боронбаев ант берди.

Ал Бакыт Төрөбаевдин ордуна мандат алып, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат болду. Ал эми Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлык кызматына дайындалган.

Боронбаев — Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы жана мекемедеги коррупция ишинин фигуранты. Аталган иш боюнча бажы төрагасынын мурдагы орун басарлары Райымбек Матраимов жана Нурлан Ражабалиев дагы өткөн.

Солдон-оңго: Райымбек Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Абдыбахаб Боронбаев

Боронбаев менен Ражабалиев 2021-жылы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордуна 12 млн сом жана 8 млн сом төгүп беришкен. Алар 260 миң айыпка да жыгылган. Учурда экөө тең парламенттин VII чакырылышынын депутаты.

БШКдан «Азаттыкка» Боронбаевдин соттуулугу жоюлганын билдиришкен.

Парламентке Матраимов менен байланышы бар башка адамдар дагы келген — мисалы анын агасы Искендер Матраимов, тарапташы Шайлообек Атазов. Жакында Искендер Матраимовдор КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Контролдук-бюджеттик комиссиясынын башчысы болуп дайындалган.

Райымбек Матраимовдун инилеринин бири — Ош облусунун Кара-Суу районунун мурунку акими Тилек Матраимов 2022-жылдын 3-мартында «Ошгаз» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-2017-жылдар аралыгында — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукадырдын үй-бүлөлүк кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта, Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, акысына үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Хабибула Абдыкадыр Сооронбай Жээнбековдун иннагурациясында

Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кеткен — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Матраимов 2017-жылдын аягында кызматынан бошотулгандан кийин бажы бизнесинде калган — бул ирет ал Кыргызстандагы үч маанилүү бажы терминалын көзөмөлгө алган. Тааныш-билиш жана байланыштары аркылуу ал жүктүн бардыгы дал ушул терминалдар аркылуу өтүшүн колго алган.

Матраимов менен Абдукадырдын схемалары «Азаттык», «Клооп», OCCRP жана Bellingcat’тин биргелешкен иликтөөлөрүнүн арты менен коомчулукка белгилүү болгон.

Бажыдагы коррупция тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн төмөнкү материалдарды окуңуз:

Иликтөө: Кыргыз бажысынын мурдагы башчыларынын Таиланддагы эс алуусу

Иликтөө: 2 млрд сом айыпка жыгылган Матраимов Бишкекте дагы бир пентхаус сатып алды

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

Көлбаев менен байланыш

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Иликтөө. Айэркен Саймаитини жалданма киллерлер кантип өлтүрүшкөн?