Облустук сот Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевди үй камагына чыгарды

Баткендин Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалилов менен Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу алардын адвокаты Асылбек Кунгуров Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде облустук сот алардын баш коргоо чарасы карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Саатбек Эгембердиев «Т-Медиа» басылмасына алар күнөөсүз экенин далилдеп, соттошууга даяр экенин билдирди.

«Алгач 4 млн сом айып коюп, кийин сотко барсак аны 1 млн 20 миң сомго айланып калыптыр. Ошол суммага деле бизде суроо көп. Себеби ал жерде 405 миң деген сумма туура эмес коюлган. Аны алып койсо 600 миңдей калат. Биз соттошууга даярбыз», — деди ал.

Ал эми адвокат Асылбек Кунгуров Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевге кылмыш иши актынын негизинде козголгонун белгиледи.

Анын айтымында, мамлекетке келтирилген зыян акты эмес, экспертизанын корутундусу менен аныкталышы керек.

Мындан сырткары, ал акт түзүп, ага кол койгон Баткен облустук архитектуралык курулушту контролдоо боюнча регионалдык башкармалыгынын улук инспектору Жаныбек Бекбаев курулуш иштерин жүргүзгөн «Бекем-Курулуш» ЖЧКнын ээси Өмүркан Шайдиллаеванын күйөөсү экенин айтты.

«Эмне себептен бул актыга кол койгон Жаныбек Бекбаевдин кызыкчылыгы эске алынган эмес? Анткени актыда көрсөтүлгөн «Бекем-Курулуш» ЖЧКнын ээси анын жубайы», — деп суроо салган ал.

Ал эми «Бекем-Курулуш» компаниясы тууралуу маалыматты «Т-Медиа» басылмасы текшерип көргөн. Басылманын маалыматына караганда, турак-жай жана турак жай эмес имараттарды куруу менен алектенген бул компаниянын негиздөөчүсү жана директору катары юстиция министрлигинде Шайдиллаева Өмүркан Абдыкадыровна көрсөтүлгөн.

Ал эми Жаныбек Бекбаев басылмага Шайдиллаева жубайы экенин жана «Бекем-Курулуш» ЖЧКсы аялынын атында катталганын тастыктаган.

Аталган компания Исфана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы өткөргөн тендерлерге катышып келген. Компания Кара-Таш айылындагы бала бакчанын аймагына таштанды чыгаруучу жайды жана тышкы канализацияны куруу долбоорун аткаруу үчүн кызматын үчүн — 471 миң 481 сомго баалаган.

Эгембердиев, Жалилов жана Абдуллаевдин кармалышы

24-мартта Лейлек райондук прокуратурасы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов жана Акжол Абдуллаевди кармаган. Эгембердиев жана Жалилов мурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүн башкарышкан.

Баткен облустук прокуратурасынын алар Жаңы-Жер айыл аймагында социалдык объектилерди курууда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелгенин билдиришип, бирок иштин чоо-жайын ачыктаган эмес. Кийинчерээк аларга «Коррупция» беренеси менен айып тагылган.

Лейлек райондук соту Эгембердиев жана Жалиловду 3-апрелге чейин камакка алган, ал эми Абдуллаев үй камагына чыккан.

Аткаминерлер кармалгандан кийин алардын тарапташтары Раззаков шаарында митингге чыгышкан. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Аялдар кеңешинин төрайымы Зулайка Турдуева алар мурдагы айыл өкмөт башчы Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып чыкканы үчүн кармалганын айткан. Митингчилер ошондой эле Бостонов менен байланышы бар делген облустук прокурор Нуркамал Набиевдин отставкасын талап кылышкан.

Ал эми 26-мартта облус прокурору Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жаан Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматтарынан бошотулганы белгилүү болгон.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Лейлек: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккандар кармалды

Баткендеги күйүүчү май аткезчилиги: ИИМ, УКМК жетекчилеринин жана депутаттардын изи

Лейлектин Жаңы-Жер айылынын тургундары Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкты