Украинадагы согушта теги кыргызстандык дагы бир аскер курман болгону кабарланды

Орусия Украинанын аймагына кол салгандан кийин башталган согушта теги кыргызстандык дагы бир киши каза болду. Маалыматты «Азаттык» басылмасына Ош облусунун Өзгөн районунун Жазый айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев тастыктады.

Жолоевдин айтымында, каза болгон аскер орус армиясында кызмат өтөп жаткан. Учурда туугандары сөөктү жерге берүү үчүн Кара-Дыйкан айылында күтүп жатышат.

«Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен. Ата-энеси бул жакта турат. Украинада каза болуптур деп жатышат», — деп айтып берди Жолоев журналисттерге.

Буга чейин Украинадагы согушта Ысык-Көл облусунда туулган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев каза болгон. Анын каза болгону тууралуу маалыматты Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да тастыктаган.

Мынадан тышкары, Украинадагы согушта Кыргызстанда төрөлгөн дагы бир Рустам Зарифулин аттуу орус жараны да каза тапкан. Анын сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилген. Орус бийлиги анын көзү өткөндөн кийин эрдик ордени менен сыйлаган.

Тема боюнча: «Азаттык»: Украинада орус жарандыгын алган 19 жаштагы кыргызстандык бала каза тапты

Орусия элчилиги Украинадагы согушта каза тапкан 19 жаштагы жигит кыргыз экенин тастыктады

Украинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Ысык-Көлгө коюлду

Украинадагы согушта каза болгон дагы бир кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди

Украинадагы согушта каза болгон жоокердин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди