Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттарынын Марат Иманкуловдун үстүнөн даттануусу. Эмне болуп жатат?

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин айрым депутаттары Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловду мурдагы айыл өкмөт башчылардын баш коргоо чарасы каралып жатканда сотторго «басым жасаган» деп айыпташууда. Ал эми Иманкулов «Клоопко» айыптарды «чындыкка дал келбейт» деп атап, Баткен облусуна президенттин тапшырмасы менен барганын айтты.

Кайрылууда эмне деп жазылган?

Жергиликтүү сегиз депутаттын колу коюлган кат бир нече ЖМКнын электрондук почтасына 18-апрелде келген. Кайрылууда Иманкулов «Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков аркылуу Баткен облустук сотунун коллегия мүчөлөрүнө басым кылып, Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловду үй камагына чыгарганы» айтылган.

«Басым болгонун кызматтарынан ажырап калбаш үчүн айыпталуучуларга жазаны жеңилдеткен коллегия мүчөлөрү да тастыкташты», — деп жазылат катта.

Ошондой эле катта Иманкулов Эгембеердиев менен Жалиловду бошотуу үчүн «башкы прокурор Курманкул Зулушевге бир нече жолу кайрылган» деп берилген.

Мындан сырткары кайрылууда Иманкулов мурдагы айыл өкмөт башчыларынын камактан бошотулушу үчүн «акчалай сыйлык алган» деп айтылган. Ал эми аны менен «эсептешиш үчүн» Достук айылынын башчысы Сулайман Эргешов «бүт чарбасын саткан» делет.

Депутаттар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Иманкуловго карата «Коррупция», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Аймактар аралык кастыкты козуттуу» беренелери менен кылмыш иштерин козгоону суранышкан.

Кайрылуунун аягында жергиликтүү кеңештин депутаттары Айбалаев Кыдырбек, Кенжебек Салимбеков, Акжол Муратов, Коңурбай Бостонов, Минжигит Саттаров, Темирбек Гүлжигитов, Ташкенбай Исмаилов, Кубанычбек Тургуновдун аты-жөнү жазылып, телефон номерлери көрсөтүлгөн.

Коңурбай Бостонов — 55 мамлекеттик объектти мыйзамсыз менчиктештирип алууга айыпталып жаткан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостоновдун уулу.

Кайрылууда айтылган айыптоолор боюнча фактылар бар-жогун тактоо үчүн жергиликтүү кеңештин бир нече депутататына байланыштык. Депутаттардын бири Акжол Муратов «Клоопко» соттук коллегиянын мүчөлөрү аларга басым болгонун тастыктаганы тууралуу фактылар анда жок экенин айтты.

Ал эми Турабай Бостоновдун уулу Коңурбай Бостоновго чалганыбызда, анда да «айыл башчынын мал-мүлкүн сатканы» жана «соттук коллегиянын мүчөлөрүнө басым болгону» тууралуу фактылар жок болуп чыкты. Ал Эгембердиев жана Жалилов үй камагына чыгарылгандан Иманкулов менен чогуу түшкөн сүрөтүн гана жолдоду.

Марат Иманкулов эмне дейт?

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Клоопко» кайрылуудагы айыптоолор «чындыкка дал келбейт» деп билдирди. Ал «жергиликтүү соттор менен жолукпаганын» айтат.

Иманкулов Баткенге президенттин тапшырмасы менен «чек арадагы абалды билиш үчүш барганын» белгиледи.

Иманкулов Эгембердиев жана Жалилов менен алардын суранычы боюнча жолукканын тастыктап, «күнөөңөр болбосо далидеп бергиле» деген кеңешин бергенин айтты.

«Эртеси күнү сот болуп, аларды үй камагына чыгарыптыр. [Мага балдар чалып жолугалы дешти]. Мен “мейманканадамын, келе бергиле” дедим. Келишти, жолуктук [...] Мен аларга тергөө муну менен аяктап калбаганын, аларды эч ким бошотпогонун жана алар тергөө менен активдүү кызматташышы керектигин айттым», — деп түшүндүрдү ал.

Исаковдун иликтөөсү, Эгембердиев, Жалилов жана Абдуллаевдин кармалышы

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков 15-мартта Баткендеги «олигарх» Турабай Бостонов тууралуу атайын репортаж жарыялаган. Анда жергиликтүүлөр Турабай Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан. Жалпысынан мурдагы аткаминер «55 объектти менчиктештиргени» айтылган.

Ошондой эле тургундар Лейлек районундагы бийлик өкүлдөрү Бостонов менен тыгыз байланышта экенин, «анын этегине намаз окушарын» билдиришкен. Мындан сырткары, иликтөөдө Бостоновду Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев «калкалап жатканы» да айтылган.

Тургундар айткан фактыларды Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев тастыкташып, иликтөөчүгө Бостоновго байланыштуу документтерди беришкен.

Бостоновдун ысмы буга чейин дагы журналисттик иликтөөдө айтылган. 2021-жылы «Политклиника» басылмасынын журналисттери Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү Арка айылындагы үч май куюучу жайга ээлик кылганын аныкташкан. Ошондой эле анын уулу Тыныбек Бостонов жана күйөө баласы Алмаз Айдаровдун Башкы прокуратурада иштегени айтылган.

23-мартта Башкы прокуратура Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери боюнча териштирүү башталганын билдирген. Ал эми 24-мартта Лейлек райондук прокуратурасы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов жана Акжол Абдуллаевди кармаган.

Мекемеден алар Жаңы-Жер айыл аймагында социалдык объектилерди курууда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелгенин билдиришип, бирок иштин чоо-жайын ачыкташкан эмес. Кийинчерээк аларга «Коррупция» беренеси менен айып тагылып, камакка алынышкан.

Аткаминерлер кармалгандан кийин алардын тарапташтары бир нече жолу нааразычылык акцияларга чыгып, борбор калаага чейин барышкан. Алар Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузууларды ачык айтып чыкканы үчүн кармалды деп эсептешкен.

Ал эми 26-мартта облус прокурору Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жаан Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматтарынан бошотулганы белгилүү болгон.

«Клооп» 10-апрелде аталган айыл өкмөттүн Достук айылына барып, тургундардын пикирин түз эфирде чагылдырган. Анда жергиликтүүлөр президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Жалилов менен Эгембердиевди үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Лейлек: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккандар кармалды

Баткендеги күйүүчү май аткезчилиги: ИИМ, УКМК жетекчилеринин жана депутаттардын изи

Лейлектин Жаңы-Жер айылынын тургундары Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкты