«Колунда бар оокатынын баарын алгандан кийин чыгарып койдук». Садыр Жапаров Матраимов тууралуу

Президент Садыр Жапаров бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду түрмөдө элдин эсебинен багып жатуунун мааниси жок деп эсептейт. «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин журналистинин эмне үчүн Матраимовду камайм деп убада берип, бирок аткарбаганы тууралуу суроосуна президент дал ушинтип жооп берди.

«Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элге таратып бердик [...] Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз?» — деди Жапаров.

Буга чейин бийлик Матраимов мамлекетке 2 млрд сом зыянды төлөп бергенин жарыялаган.

Матраимовдун мүлкү

Президент бардык коңшу өлкөлөргө жана Дубайга «Матраимовдун мүлкү менен ыктымал делген кылмыштарынын» тизмесин берүү өтүнүчү жөнөтүлгөнүн айтып берди. Бирок жок «андай жок» деген жооп келген.

Өтүнүч каттары 2019-жылы журналисттик иликтөө чыккандан кийин жиберилген. Иликтөөдө бажы тармагындагы коррупция жана Кыргызстандан 700 млн доллар мыйзамсыз чыгарылып кетилгени тууралуу айтылган. Райымбек Матраимов жана анын аялы — материалдын негизги фигуранттары. Ошондой эле журналисттер Дубайда Райым Матрамовдун кирешесине туура келбеген мүлкү бар экенине далилдерди келтиришкен.

«Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти», — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров, коррупцияга айыпталган чиновниктер бюджетке 11 млрд сомго жакын каражат төккөнүн кошумчалады.

«Накталай төгүлгөн акчалардын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла», — деди ал.

«Кустуризация»

Юрист Нурбек Токтакунов 22-сентябрда фейсбук барагында коррупционерлерден түшүп жаткан каражаттар тууралуу билүү үчүн финансы министрлигине сурам жөнөткөнүн билдирген. Ал бюджетке канчасы которулуп, кайда жумшалганын билгиси келгенин айткан.

*«Кустуризация» — өлкө башчылыгына Садыр Жапаров келгенден кийинки коррупция менен күрөшүү ыкмасын бийлик ушундайча атап алган. Ага ылайык, коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК белгилеген зыяндын өлчөмүн төлөп, эркиндикте кала берет.

«Минфинден мага бул каражаттар таптакыр эле республикалык бюджетке түшпөгөнүн, укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринде калып жатканын айтып жооп беришкен. Бюджеттик процесстин дүйнөлүк тажрыйбасы эгерде жасалган кылмыштын орду толтурулган бул каражаттар республикалык бюджетке которулбаса, алар көзөмөлсүз каларын, адатта, уурдалып кетерин көрсөтүп турат», — деп билдирген Токтакунов.

Мамкомитет бул маалыматты «жалган» деп атап, каражаттын баары мамлекеттин бюджетине түшүп, ал прокуратура органдары тарабынан көзөмөлдөнүп жатат деп ишендирген.

Юрист Нурбек Токтакунов 24-сентябрда дагы бир кайрылуу жасап, УКМК маалыматтарды тактагандын ордуна юристтин сөздөрүн төгүндөй баштаганына кыжырданган. Токтакунов менен УКМКнын ортосундагы тартышуу аягында эч нерсе менен бүткөн эмес — бийлик айыпталган аткаминерлерден алынган акча кайда кетип жатканын айткан эмес.

Коррупционер Райым Матраимов

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кеткен — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Матраимов 2017-жылдын аягында кызматынан бошотулгандан кийин бажы бизнесинде калган — бул ирет ал Кыргызстандагы үч маанилүү бажы терминалын көзөмөлгө алган. Тааныш-билиш жана байланыштары аркылуу ал жүктүн бардыгы дал ушул терминалдар аркылуу өтүшүн колго алган.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан.

Матраимов менен Абдукадырдын схемалары «Азаттык», «Клооп», OCCRP жана Bellingcat’тин биргелешкен иликтөөлөрүнүн арты менен коомчулукка белгилүү болгон.

Журналисттердин иликтөөсүнөн кийин сот Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп тапкан. Экс чиновник, жаза катары болгону 260 миң сом айып төлөгөн.

АКШнын Каржы министрлиги Райымбек Матраимовду 9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө «Магнитский тизмесине» киргизген.

Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.

Тема боюнча: 

Иликтөө: 2 млрд сом айыпка жыгылган Матраимов Бишкекте дагы бир пентхаус сатып алды

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

Интерактивдүү карта: Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкү