Садыр Жапаров депутаттан жогорку билимди талап кылган ченемди алып салууга каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров парламентке жогорку билими бар гана жаран депутат болуп келе алат деген талапты алып салууну сунуштаган мыйзам долбооруна каршы экенин айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиш керек, «жогорку билими жок адам кантип мыйзам жазмак эле» деп белгиледи.

«Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазыш керек. Ал мыйзамдар мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мыйзамдар болот. Анан жогорку билими, тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат? Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиш керек», — деди президент.

Диплом талабы

2021-жылдын жайында Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдарга киргизилген түзөтүүлөрдү кабыл алышкан. Ага ылайык, шайлоо аралаш система менен өткөрүлөт, ал эми «Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлоо өткөрүлүп жаткан күнү 25 жашка толгон, шайлануу укугуна ээ, жогорку билими бар Кыргызстандын жараны шайлана алат».

Кээ бир саясатчылар бул чечимдин Конституцияга каршы келерин айтышкан. Ал тургай «Ата-Мекен» партиясы бул ченемге байланыштуу Конституциялык сотко кайрылып, ал «дискриминация кылат жана жарандардын укугун чектейт» деп белгилеген.

2022-жылдын 20-апрелинде Жогорку кеңештин бир катар депутаттары парламентке жогорку билими бар гана жаран депутат болуп келе алат деген талапты алып салууну сунушташкан. Документ ошол эле күнү коомдук талкууга коюлган.

Демилгечилер жогорку билим тууралуу талап «шайланууга укугу бар адамдардын белгилүү чөйрөсүн чектейт» деп айтышкан.

«Талдоо көрсөткөндөй, жогорку кесиптик билими бар адамдарга караганда чет өлкөлөрдө жылдар бою, атүгүл ондогон жылдар бою иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгүнүн жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жана убактысы жок, ошол эле учурда алар белгилүү бир социалдык чөйрө жөнүндө түшүнүгү бар жана көптү билишет», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоорунун демилгелечилери «парламенттин дубалдарынан көргүсү келген адамды тандоодо элдин укуктарын чектөө максатка ылайыксыз» деп эсептешерин белгилешкен.

Дипломдорду текшерүү

20-январда президент Садыр Жапаров УКМКга бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын текшерүүнү тапшырган. Масштабдуу текшерүү 24-январда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

8-апрелде БШК УКМКга таянып, депутаттар Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы) жасалма диплом алууга шектелип жатканын билдирген. Кийин экөө тең бул маалыматты четке каккан.

Жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламентке келген Орозайым Нарматова диплому жасалма делип айыпталып мандатынан ажыраган. Ал диплому жасалма экенин моюндаган эмес. Көп өтпөй Нарматованын мандаты Айгүл Айдаровага өткөн.