Акылбек Жапаров дарылануу үчүн Германияга учуп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу 3-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жапаров өкмөт мүчөлөрү жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катышып турат.

Акылбек Жапаров 28-апрелде жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев минкабдын төрагасынын саламаттыгы начарлаганы чарчап, стресс болгонуна байланыштуу экенин билдирген.

Минкабдын басма сөз кызматы 30-апрелде Жапаровдун ден-соолугу жана абалы турукташканын белгилеп, ооруканадан чыкканын кабарлаган.

Өткөн жылдын февраль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнө Германияда операция жасалган. Ал эми 28-апрелинде Ташиевдин ден соолугу начарлап Германияга дарыланууга кеткен. Бирок чек-арада ок атышуу башталганда ооруканага жетпей кайра Кыргызстанга келгени айтылган.