«Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү баңгизат каналын түзүүгө шектелип кармалды

«Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү «эл аралык баңгизат каналын түзүүгө» шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баңгизат каналы Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча түзүлгөн.

21-майда УКМКнын кызматкерлери «Азия Ойл» май куюучу жайында турган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаадан өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 1 килограмм 980 граммды түзгөн баңгизат табышкан.

Аталган факт боюнча Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун «А.У.Т», «М.у.М» жана «Т.Ж.А» аттуу активдүү үч мүчөсү кармалган. Атайын кызматтан шектүүлөр Ош облусунун тургундары болушканын белгилешти.

Шектүүлөр Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда баңги каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

5-майда Жалал-Абал облусунун Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 1 килограммга жакын ооган гашишин алып өтүүгө аракет кылгандардын ишине бөгөт коюлган. Шектүүлөр чек ара кызматкерлерин көргөндө Өзбекстандын аймагына кире качып, жашынып калган.

Баңгизат иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген.

«Женго» деген ким?

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанымал.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Ош облустук милициясы 2019-жылдын октябрында Досоновду кармаган. Анда Досоновдун айдоочусу жол тескөөчүсүнүн токтоо тууралуу буйругуна баш ийген эмес жана номуру жок унаа айдап жүргөн. Кийин унаадан курал да табылган. Айдоочуга айып салынып, «Женго» профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин коё берилген.

УКМК өткөн жылдын 30-ноябрында Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыялаган. «Женго» 11-февралда кармалып, абакка киргизилген. Досонов «бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга» байланышкан оор кылмыштарга айыпталып жатат.

Тергөө аяктагандан кийин Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы 2021-жылдын 23-декабрында Досоновдун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок прокуратура Досоновду үй камагына чыгарууга каршы болуп, УКМКнын ТИЗОсуна камакта калтырган.

Тема боюнча:

Прокуратура кримтөбөл Кадырбек Досоновду үй камагына чыгарууга каршы чыкты

Жактоочу Сүйүнбаева: «Кадыр Досонов УКМКга өзү келди»