«Баткенде кызмат өтөө өзгөчө жооптуу». Алимбаев чек арачыларды майрамы менен куттуктады

Абдикарим Алимбаев

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда ал «чек ара окуяларында баатырларча курман болгон чек арачыларыбызга ар дайым таазим этебиз» деп билдирди.

Ошондой эле Алимбаев стратегиялык маааниге ээ болгон Баткен облусунда кызмат өтөө «өзгөчө жооптуу» деп белгиледи. Ал  чек арачыларга кайрылып «аймактын тынчтыгы жана коопсуздугу сиздердин колуңуздарда» деп айтты.

«Чек арада жайгашкан, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жаткан мекенчил эр азаматтарыбызга миң ирет таазим этсек жарашат [...] Чек арабызды коргоодогу ар бириңиздердин күжүрмөн аракетиңиздерди сыймыктануу менен белгилеймин [...] Ошондой эле ден соолугунан жабыр тарткан жоокерлерибиздин тез сакайып кетүүсүн каалайм», — деди облус башчысы.

Мындан сырткары Алимбаев «чек арачылар үчүн жетиштүү шартты түзүү — мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири» деп кошумчалады. Анын айтымында, «жетиштүү шарт болсо, кубаттуу армия болот».

Президенттин Баткендеги өкүлү куттуктоосунун аягында чек арачыларга ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Буга чейин чек арачыларды кесиптик майрамы менен президент Садыр Жапаров куттуктаган. Ал «мамлекет да, элибиз да чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда» деп билдирген.

Жапаров чек арачыларыбыз 4 миң 700дөн ашуун чакырымга созулган чек араны кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жагдайларда болбосун көз ирмебей күзөтүп келишет деп белгилеген. Президент милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге жана ардагерлерге ыраазычылык билдирген.

Чек ара чырларынан жабыркаган аскерлер

Кыргызстандын чек арачылары көбүнчө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырларда жабыркап, каза тапкан учурлар бар.

Өткөн жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалдан эле үч чек арачы — Эсентур Кубанычбеков, Бекзод Юлдашев, Нурсултан Манасбек уулу — каза тапкан. Ошондой эле бир нече аскер жарадар болгон.

Өткөн жылдын июль айында Лейлек районундагы Наумина жана Чашмагильдан ашууларына жакын жерде ок атышуу орун алып, бир кыргыз аскери каза тапкан.

Мурдараак, 2020-жылы да, кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу чыр чыгып, жалпы онго жакын аскер ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми 2019-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатакта аскер кызматкери Равшан Муминов курман болгон. Ага өлүмүнөн кийин «Эрдик» медалы тапшырылып, үй-бүлөсүнө турак жай сатып алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады