Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда ал «мамлекет да, элибиз да чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда» деп билдирди.

Жапаров чек арачыларыбыз 4 миң 700дөн ашуун чакырымга созулган чек араны кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жагдайларда болбосун көз ирмебей күзөтүп келишет деп белгиледи.

Ошондой эле милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге жана ардагерлерге ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин чек арада кызмат өтөгөн жылдарыңыздар өмүр баяныңыздардын жаркын барактары болуп калганы, ардагерлер уюмдарындагы армиялык жөнөкөй достук жаңы салттар менен бекемделип жатканы жагымдуу көрүнүш», — деди ал.

Мындан сырткары өлкө башчы «чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынып жатканын» белгиледи. Ал «биздин өлкө ишенимдүү коргоодо» деп белгиледи.

«Чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер мындан ары дагы улантылат», — деп убадалады Жапаров.

Куттуктоосунун аягында ал чек арачыларга чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлөрүнө бакубат турмуш каалады.

Өкмөт 2021-жылдан тарта Чек ара кызматына жаңы техникаларды ала баштаган. Октябрь айында брондолгон жол тандабастар алынган, ал эми декбардын орто ченинде Чек ара кызматы Түркиянын Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттары менен жабдылган.

Садыр Жапаров 2022-жылы мамлекеттик чек араларды коргоого бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөнүн билдирген.

Чек ара чырларынан жабыркаган аскерлер

Кыргыз чек арачылары

Кыргызстандын чек арачылары көбүнчө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырларда жабыркап, каза тапкан учурлар бар. Мындан сырткары аскерлер куралдуу этиятсыз колдонуудан каза болгон фактылар катталып келет.

Өткөн жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалдан эле үч чек арачы — Эсентур Кубанычбеков, Бекзод Юлдашев, Нурсултан Манасбек уулу — каза тапкан. Ошондой эле бир нече аскер жарадар болгон.

Өткөн жылдын июль айында Лейлек районундагы Наумина жана Чашмагильдан ашууларына жакын жерде ок атышуу орун алып, бир кыргыз аскери каза тапкан.

Мурдараак, 2020-жылы да, кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу чыр чыгып, жалпы онго жакын аскер ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми 2019-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатакта аскер кызматкери Равшан Муминов курман болгон. Ага өлүмүнөн кийин «Эрдик» медалы тапшырылып, үй-бүлөсүнө турак жай сатып алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.