Алексей Ширшовдун үй камагы 26-июлга чейин узарды

«Дастан» трансулуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Широшовдун үй камагы 26-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту 21-майда кабыл алды.

УКМК Ширшовду 10-майда коррупцияга шектеп кармап, бирок ошол эле күнү сот үй камагына чыгарган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ширшов Ысык-Көл облусундагы «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы 56 кымбат баалуу батирди жана 27 коттежди мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири болгон.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул схемага Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле Президенттин аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары тартылган.

УКМК Ширшов камакка алынганын маалымдаганда ал кайсыл жерден кармалганын тактаган эмес. Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып чыгып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган. 2010-жылдын июнунда Убактылуу өкмөт Ширшовдун кайсыл жерде экени тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар төлөөгө да даяр болгон.

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып, Ширшов акыркы бир нече айдан бери Бишкекте жүргөнүн айтууда.

Бирок Биринчи май райондук соту 11-майга караган түнү «Дастан» Транс улуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду үй камагына чыгарган.

Басма сөз кызматынан УКМКнын өтүнүчүн канааттандырылып, Ширшов 26-майга чейин үй камагына чыгарылганын кошумчалашкан.

Ширшов көп жылдан бери изделип жүрүп кармалып, бирок дароо эле коё берилгени коомчулукта нааразычылык жараткан. Президент Садыр Жапаров журналисттерге курган маектеринин биринде Ширшов тергөөгө көмөктөшкөнү үчүн үй камагына чыгарылганын айткан.

Президент Садыр Жапаров Ширшов менен 6-7 ай мурда жолукканын, ал азыр тергөө менен кызматташып, Максим Бакиевдин акчаларын өлкөгө кайтарып алууга жардам берип жатканын билдирген. Президенттин айтымында, Ширшов бозгун президенттин уулунун 200 млн доллары сакталган банкты тапканын айтып, кабыл алуусун суранган. Ошондой эле ал 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана бийликте тургандардын кимиси Максим Бакиевдин мүлкүн, анын ичинде «Аврора Плюс» пансионатын мамлекетке өткөрбөй тартып алганын айтып берген.

Ширшов деген ким?

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күнгө чейин дагы иштеп жатканы айтылып келет.

Ширшов 2007-жылга чейин «Түндүкэлектрдин» жана «Электр станцияларынын» каржылык директору, андан соң 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Дастан» ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген.

УКМК 10-майда «Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКсынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын билдирген. Атайын кызмат Ширшов коррупцияга айыпталып жатканын айткан.

Анткен менен 11-майда Ширшов атайын кызматтын өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Соттон УКМКнын өтүнүчүн канааттандырып, Ширшов 26-майга чейин үй камагына чыгарылганын белгилешкен.

Тема боюнча окуңуз: «Коррупция менен күрөш ушулбу?». Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына коё берилгенин сындады

«Азаттык»: Иманов-Ширшов тандемин бир катар документтер менен далилдей алдык