«Абсурд». ЖИА түрк элчисинин ассоциацияны «террористтик уюм» деп атоого акысы жоктугун билдирди

Кыргызстандын Жаш ишкерлер ассоциациясы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын ЖИАны Түркияда террористтик уюм катары таанылган ФЕТОго тиешелүү мекеме, уюмдарды тизмесине кошкону боюнча терең тынчсыздануусун билдирди.

ЖИАнын билдирүүсүндө, ассоциациянын ФЕТО уюмуна эч кандай тиешеси жок экени баса белгиленет. Ал эми ассоциация түрк элчисинин коомчулук алдында кечирим сурарына ишеним артууда.

«2006-жылдан бери ассоциация миңден ашык ишкердин башын бириктирип келет. Мунун менен бирге эл аралык стандарттар менен иштеген ири эл аралык уюмдарга мүчө. Биздин Ассоциация 16 жылдан бери саясатка аралашпоо принцибин карманып келет. [...] Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык түзүлүп, иштеп жаткан мекемени террористтик уюм деп атоого эч кимдин акысы жок», — деп эскертишти ассоциациядан.

Жаш ишкерлер ассоциациясы элчинин «ассоциация Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келитириши мүмкүн» деген сөздөрүн «абсурд» деп атады.

«Кылымдарды карыткан кеменгер кыргыз элинин салты боюнча конокко келип, үй ээсин кемсинткендик адептүүлүккө жатпайт. Элчи Ахмет Садык Доган Түркиянын катардагы жараны эмес, бийликтин расмий өкүлү. Кыргызстандык уюмдарды террордук топтордун мүчөсү, ал эми жарандарды манкурт деп атоо менен ал дипломатиялык жана мамлекеттик кызматкердин этикалык нормаларын бузду. Мындай мамиле ЖИАнын беделине доо кетирет», — деп жазылат билдирүүдө.

ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагып келет. ФЕТО Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын катарына кирбейт.

Түрк элчиси эмне деп билдирүү жасаган?

31-майда Кыргыз-Түрк «Манас» университинде «Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм» аталышындагы семинар өткөн. Аны Түркиянын Тышкы иштер жана Ички иштер министрлигинин колдоосу менен түрк элчиси уюштурган.

Семинарда элчи Ахмет Садык Доган сөз сүйлөп, иш-чараны университетте өткөрүүгө каршы чыккандарды ФЕТО деп атаган.

«Адамды алгач энесине, атасына, анан жубайына, досуна, ата-бабасына, акырында элине, мамлекетине душман болууга жеткирет, өткөнүн унутууга мажбурлайт. Бул наадандар маңкуртка айланып, 30 жылдан бери улуу түрк элинин Кыргызстанды колдоп келгенин унутуп коюшту», — деп айыптаган ал.

Доган Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен. Ал «Сапат» билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп табыларын, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөрү жана ФЕТО уюмун колдогон айрым адамдарга Түркияга кирүүгө тыюу салынарын айткан.

Элчи ФЕТОго тиешелүү деп эсептеген Кыргызстандагы мекеме, уюмдарды тизмектеп, ага «Сапат», ERA EDUCATION билим берүү мекемелерин, ЖИА, «Элим барсыңбы?», «Адеп Башаты», «Ыйык Ата-Журт» фонддорун жана «Дил Азык» басмаканасын, Maral FM радиосун жана «Ала-Тоо» университетин кошкон.

Айрым активисттер Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде мындай семинардын өткөнүнө нааразычылыгын билдиришкен. Активист Гүлжигит Исаков университетке чара көрүү өтүнүп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Ал эми ТИМ семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалаган.

Инандынын уурдалышы жана Эрдоган менен Жапаровдун жолугушуусу

2021-жылдын 9-июнунда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү маселесин талкуулашкан. Эрдоган айрыкча ФЕТО уюмуна басым жасаган.

Ошол учурда Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин* негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголуп, укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан.

*2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Анда негиздөөчүлөрдүн катарына кыргыз өкмөтү кирген — азыр Билим берүү министрлиги 30% акцияга ээлик кылат.

5-июлда Эрдоган Орхан Инандыны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму атайын операциянын негизинде кармаганын билдирген. Түркиянын башчысы Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

Көп өтпөй Түркиянын соту Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып менен камакка алган. Акыркы сот отурумунда Инанды тергөө маалында берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан.

Орхан Инанды Түркияда туулган, бирок 1995-жылы Кыргызстанга келип 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири.

Эрдогандын Гүленди айыптоосу, экөөнүн тиреши

Режеп Эрдоган жана Фетхуллах Гүлен.

Фетхуллах Гюлен 1999-жылы дарылануу үчүн Түркиядан чыгып кетип, мурдагы үзөңгүлөшү, Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган менен келишпестиги үчүн мекенине кайтып келбей койгон.

Эрдоган жана Гүлендин ортосундагы кастык 2016-жылы күчөгөн. Ал жылы 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүшкө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.

Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган.

Болжолу ФЕТОнун мүчөлөрү, «Себаттын» мугалимдери жана Гүлендин туугандары ар башка өлкөлөрдөн уурдалып, Түркияга жеткирилип турат.

Тема боюнча:

ФЕТО, кыргыз-тажик чек арасы, авиакаттамдар. Жапаровдун Түркияга болгон сапары

Орхан Инанды 14-апрелге чейин камакта калды