Cот «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду актады

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду актады. Бул тууралуу Ош облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Досонов чоочун бирөөнүн жерин өзү билип басып алууга айыпталып жаткан. Бирок, жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылып, иш кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулган.

Ошондой эле ал «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштыруу» беренеси менен айыпталган. Бирок сот «Женгону» кылмыштын курамы жок деп актаган.

Кадыр Досонов деген ким?

Досонов — Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары «Женго» каймана аты менен белгилүү. Ал 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук соту да, Ош облустук соту да аны актаган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Өткөн жылдын 30-ноябрында УКМК Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыялаган. Кримтөбөл 2021-жылдын жылдын 11-февралында кармалып, абакка киргизилген.

Ошол эле жылдын 17-февралында атайын кызмат Досонов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» да шектелип жаткандыгын кабарлаган. Ошондой эле, УКМК «Женго» жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» кармалбаганын, ал УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева.