Бегимай Карыбекова депутаттарды кыздарды тыйбастан, педофилдер жана зөөкүрлөр менен күрөшүүгө чакырды

Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова Инстаграм барагында 18-20 жаштагы кыздарды көзөмөлсүз өлкөдөн чыгарбоо сунушу боюнча пикирин билдирди.

Карыбекова «акчасы бар, ийгиликтүү кыздар, акчасы жок, өнүкпөгөн эркектерге дайыма сойкудай көрүнөт» деп, депутаттарды үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүгө чакырды.

«Кыздардын ак эмгек менен тапкан адал акчасына көз салып, аброюна шек келтирген постторду жазбастан, биздин акылдуу депутаттар жана башкалар, күндөн-күнгө күчөп жаткан педофилдер, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен алышсаңыздар жакшы болмок. Тилекке каршы, бизде алсыз эркектердин күчү аялдарга эле жетет эмеспи…» — деп нааразы болду модель.

Карыбекова аялдар Кыргыздандан «жыргаганынан кеткен жок» деп эсептейт. Анын айтымында, кыз-келиндер чет мамлекетке ата-энесин жана балдарын багуу, мыкты билим алуу үчүн кетишет.

«Кыздар — сенин менчигиң эмес, сенин кулуң эмес! Кыздар, укугуңарды билгиле! Сиздердин жашооңузда кандай катачылык кетиргениңизге карабастан, эч кимдин, тууган-туушкандын, кошуна-колоңдун сенин жашооңду, кылыктарыңды айыптоого, кантип жашоону үйрөтүүгө акысы жок! Айрыкча, бизге учууга тыюу салууга биз жол бербейбиз!» — деди ал.

Модель кыздарга кайрылып «ушундай эркек сөрөйлөргө, жалаа жапкан сөздөрдү угуп, мойнубузга дөңгөлөк кийип кор болгончо, чет мамлекетте чыгып иштеп, билим алып, жашооңорду өзгөртүп, бактылуу жашагыла» деп үндөдү.

«Ал эми бейкүнөө кыздарыбызды бузуп жаткандар — силерсиңер, урматтуу кыргызстандыктар! Биздин кыздар кор болуш үчүн, чет мамлекетке чыгуунун кажети жок!» — деди модель.

Буга чейин актриса, блогер Назира Айтбекова дагы бул боюнча пикирин билдирип, «кыздарды эмес, эркекетрдин көчүгүн тыйган мыйзам жаз» деп депутат Шайлообек Атазовго кайрылган.

Атазовдун чуулгандуу демилгеси

Атазов 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу боюнча чуулгандуу демилгесин Жогорку Кеңештин 9-июнундагы жыйынында демилгелеген.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак, турмушка чыккандан кийин чыкса, же болбосо ушул багытта миграция тармагы бизге атайын комитетке келип маалыматтарды берсе. Бул боюнча мыйзамдарды дагы карасак», — деген Атазов.

Бирок Конституцияда Кыргызстандын жараны республиканын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экени, өлкөдөн чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет деп жазылган.

Бишкек шаарында активисттер Атазовдун сунушуна каршы чыгып, бир нече жолу митинг уюштурушкан. Алар депутат Атазов мандатын тапшырсын деген талап коюшкан.

Кудрет Тайчабаровдун посту

Бишкек эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаров депутат Шайлообек Атазовдун 18-20 жаштагы кыздарды ата-энеси же күйөөсү жок өлкөдөн чыгарбоо сунушу боюнча Фейсбукта 16-ноябрда пост жазган. Ал Атазовдун мыйзамын колдобой турганын баса белгилегени менен «кыздарды ата-энелери катуу көзөмөлгө алышы керек» деген оюн билдирген.

Ошондой эле ал кыргыз кыздарынын «көбү Түркияда сойку болуп иштеп жүргөнү илгери эле маалым болчу» деп белгилеп, «Кыргыздын белгилүү эле ырчы, актриса, блогер, модель кыздары ушинтип иштеп жүргөнүн угуп шок болдук» деп жазган.

Анын пикири коомчулукта талкуу жаратып, «Меместандын» соцтармактардагы барыгында ар түрдүү мемдер жарыяланган. Тайчабаров ага жооп иретинде «соттолуп кеткенде жалдырап, ыйлап келбегиле» деп эскерткен.

Тема боюнча: Тайчабаров: Ата-энелер кыздарынан машина менен iPhone 13тү кайсы каражатка алганын такалап сурашы керек

«Атазов мандатыңды тапшыр». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган митинг өттү

Бир кадр менен: Активисттер Атазовдон мандатын тапшыруусун талап кылышты