«Бюджетти коррупцияны токтотуп толтургула». Бишкекте казиного каршы акция өттү

Сүрөт: Жарандык активист Алманбет Абылкасым уулу

15-июнда Бишкекте жарандык активисттер казиного каршы тынчтык митингин өткөрүштү. Ак үйдүн алдына чогулган 10го жакын киши Жогорку Кеңештин депутаттары менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

«Депуттаттар силерге эл добуш берип, ишенич билдирген. Ошону акташ керек. Казино — бул кыргыз элин балээге түртөт. Эч качан экономиканы көтөрө албайт», — дейт активист Алманбет Абылкасым уулу.

Митингге келгендердин бири «казино азабын эң көп энелер тарткан» деп белгиледи.

«2011-жылга чейин казино Кыргызстанда легалдуу болчу. Ушул жерде кыргыздын энелери чырылдап, бир жыл жүгүрүшкөн. Алар балдарынын асылып алганын, үй-бүлөлөрдүн бузулганын, жашоосун, тагдырын уттуруп жиберген адамдарды айтып жатышып, аягында Ак үйдүн алдына бунт кылып, казино жабылсын деп митинг өткөрүп жатышып, 2012-жылы жаптырышкан», — дейт ал.

Ошондой эле тынчтык митингине катышкандар бийликтен бюджетти толтуруу үчүн коррупцияны токтотууга чакырышты.

«Алексей Ширшов мырза Максим Бакиев уурдаган 200 млн долларды артка кайтарып бергени жардам берем деп жатат. Бир президенттин бир уулу уурдаганы 200 млн доллар болсо, анда Кыргызстандын деңгээлинде коррупция кандай? Жок дегенде 500 млн доллардан ашык», — деди дагы бир катышуучу.

Митингге чыккандар «Кыргызстан казиного каршы», «Кыргыз эли казиного каршы» деген транспаранттарды көтөрүп турушту. Ошондой эле алар өлкө башчы Садыр Жапаровго үч талап коюшту.

  • Кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун жокко чыгаруу жана президенттик мөөнөтү бүткөнчө казино маселесин көтөрбөө;
  • Бинардык опциондорду, онлайн букмекерлерди, онлайн казинолорду Кыргызстандын аймагында иштетпөө жана кылдаттык менен көзөмөлдөө;
  • Өлкө аймагындагы «көмүскө казинолорду» жаап, катуу көзөмөлдөө.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырышкан.

Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш беришкен.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эл деген сел болот». Ак үйдүн алдында казино ачууга каршы митинг өттү

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Муфтият депутаттарды саясий упай топтоо үчүн Куранды бурмалабоого чакырды