Мадумаров: Акылбек Жапаровдун оозунан миллиард чыгат, казинодон анча акча келбейт

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору каралып жатканда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров регламент бузулганын айтты. Мадумаров колго тийе элек документке добуш берип жатабыз деп сынга алды.

«Эгер силер кумаркана ачууга куштар болуп жатсаңар 3 күн башта эртерээк аракет кылбайсыңарбы? Мыйзам долбоорун ар бир депутаттын колуна картматпайт белеңер. Азыр биз колубузда документибиз жок туруп, эмнеге добуш беребиз? Биринчи окууда каралган. Экинчи окууда депутаттардын сунуштары кабыл алынды деп айтып жатышат. Эмнеси кабыл алынып, эмнеси кабыл алынган жок? Кайдан окуп жатасыңар? Мүмкүн бизге бербей, силерге берип жатабы же? Биз бир нерсени көрүп туруп добуш беришибиз керек», — деди Мадумаров.

Ошондой эле Мадумаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай бюджетке миллиарддар түшпөйт деди.

«Эч качан кумарга жакындаба, ал жакшылыкка алып келбейт. Миллиарддарды айта берет. Акылбек Жапаровдун оозунан чыкканда эле миллиард чыгат, миллион чыкпайт. Келбейт ал акча. Жарыбаган акчанын айынын апаатка калып калуу коркунучунан этият бололу», — деп эскертти Мадумаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага чейин казино ачылса мамлекеттик бюджет 2 миллиард сомго чейин толукталышын айткан.

Ал мыйзамга ылайык, козинолорго чет өлкөнүн жарандары гана кире аларын эскерткен. Эгер тескерисинче болсо, казинонун жабдуулары конфискацияланып, лицензиясы алынарын белгилеген.

Андан тышкары Жапаров казинолорго кирген жарандарга көзөмөл кылуу үчүн кире беришке биометрикалык көзөмөл орнотуу пландалып жатканын билдирген.

Мыйзам долбоору добушка бешинчи ирет добушка коюлгандан кийин гана экинчи жана үчүнчү окуудан өттү. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары гана добуш берүүгө катышышкан жок.

Кыргызстанда казинолорду ачуу

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ачууну демилгелеген. Ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров демилгени колдогон.

2021-жылдын 27-апрелинде президент казинолорду өлкөнүн бардык аймактарында ачуу идеясын сунуштаган. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1-1,5 млн долларга лицензия сатат деп ишендирген.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

Казинолордун ачылышына каршы чыккан депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору парламенттеги экинчи окууда каралып, кабыл алынганын айткан. Документти кабыл алуу процесси жабык эшик артында өткөн.